УКМК «Алтуха» деп таанылган кримтөбөл Алтынбек Ибраимовду кармады

УКМК Бишкектен 13-январда кылмыштуу топтун мүчөсү, «Алтуха» каймана аты менен белгилүү Алтынбек Ибраимовду кармады.

Маалыматка ылайык, Ибраимов кылмыш чөйрөсүндө негизги орундардын бирин ээлейт. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

«Ага карата тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле анын кылмыш иштерине тиешесинин бар-жогу такталууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 11-январда ИИМдин криминадык милиция кызматы Алтынбек Ибраимов менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал тууралуу маалыматты «Клоопко» мекеменин басма-соз кызматы тастыктаган.

ИИМдин басма сөз кызматы «бир нече жолу соттолгон», «смотрящий» макамы бар адамга мыйзам жана тартипти сактоо зарыл экендиги эскертилгенин билдирген. Ошондой эле ал адамга «расмий эскертүү» дагы жарыяланган.

«Ички иштер органдары тарабынан кылмыштуу жолдор менен кирегеше ээ болуу, аны адалдоого каршы иш-чаралар жүрүп жатат. Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун каржы булактарын аныктоо дагы бар», – деп мекемеден толукташкан.

Бир күн мурда социалдык тармактарда укук коргоо кызматкери Ибраимовго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан видео тараган.

Видеодо милиция кызматкери Алтуханын «кримтөбөл» болуу кыялы бар экенин укканын айтып, келечекте Кыргызстанда УКТ менен күрөш жүрөрүн, мындан ары «андай болбой турганын» «эсиңе бекем түйүп ал» деп эскерткен. Ибраимов баш ийкеп жооп берген.

Алтуха деген ким?

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Алтынбек Ибраимов жети ирет соттолгон, криминалдык дүйнөнүн «колдоочусу» жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналат.

Ибраимовдун аты ал эки жыл мурда опузалап пара алгандыгы үчүн 2015-жылы кармалгандан кийин кеңири белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен ишкер Руслан Матниязовду күч менен унаага салып, тоого алып чыгып, андан 80 миң доллар талап кылышкан.

Ибраимов жана шериги Тынчтык Орозалиевге «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча айып тагылган. Бирок райондук сот аларды актап, бошотуп жиберген.

Анда жабырлануучунун аялы соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Алтуханы 11 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң 2017-жылы Свердлов райсоту Ибраимовду опузалоо боюнча күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз деген жүйөө менен жазадан бошоткон.