Кайрылмандардын укугун бузган МККнын кызматкерлерине чара көрүү талап кылынды

Жаңыртылды. Мамкаттоонун позициясы кошулду.

Акыйкатчы Токон Мамытов эки кайрылмандын укуктары бузулганы үчүн МКК жетекчиси Акын Мамбеталиевге Көңүл буруу актысын жолдоду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Акыйкатчы кайрылмандардын укуктарынын бузулушуна жол берген мамкаттоонун кызматкерлерине тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылды. Мамытов ошондой эле, кайрылмандардын макамын узартып, алардын жарандык алуу үчүн укуктарын калыбына келтирүүнү өтүндү.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы кайрылмандардын укугу бузулганын төгүндөп, алардын кыргыз жарандыгын алуу үчүн тапшырган арыздары өз убагында каралып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилгенин маалымдады.

Эмне болду эле?

Акыйкатчы институту билдиргендей, аларга Ш. Б. жана Н. А. аттуу жубайлар — 2016-жылы тарыхый мекенинен туруктуу жашоо үчүн келген КЭРдин жарандары — этникалык кыргыздар — кайрылышкан. Бир жылдан кийин алар кайрылман макамын алып, кийин ал 2020-жылдын 30-майына чейин узартылган.

Акыйкатчы институту МКК кызматкерлери өз милдеттерин так аткарбагандыктан кайрылмандардын кыргыз паспортун алуу укугу бузулган деп белгилейт.

2019-жылдын ноябрь айында Ш.Б. Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрылган. Анын документтери 2019-жылдын 22-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине жөнөтүлгөн.

Ал эми анын жубайы Н. А. Ош шаардык ЖААКнын паспорт берүү жана каттоо бөлүмүнө кайрылып, анын документтери кабыл алынганын тастыктаган.

«9 ай өткөндөн кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Ш.Б. документтерин кайра жаңылоого Ош облусунун Кара-Суу районундагы бөлүмүнө жөнөткөн. Н.А. да Ошто документтерин жаңылоосу зарылдыгы тууралуу 2020-жылдын август айында билдирүү алган» — деп акыйкатчы институтунан билдиришти.

Институттан жарандык алууга документ тапшырган учурда жубайлардын бардык документтери толук жана туура болгонун баса белгилешти.

«Ушул убакта жогоруда аты аталган кайрылмандардын жарандык паспортторунун мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын жарандыгына кайрадан тапшыра албай жатышат. Алардын кайрылуусу боюнча Бишкек шаарындагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги алардын паспортторун жаңылап берүүдөн баш тарткан», — дейт акыйкатчынын институту.

МККнын жообу

Мамкаттоо кызматы алар тараптан Ш. Б. жана Н. А. экөөнүн кыргыз жарандыгын алуу жөнүндөгү арызы эч кечикпестен кабыл алынганын билдирди.

«Кыргыз жарандыгын алуу маселелерин карап чыгуу жобосуна ылайык, калкты каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тышкы саясат ишмердиги тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук маселелер боюнча иш жүргүзгөн структуралык бөлүмү, тапшырылган маалыматтарды текшерет, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашат, бул боюнча жүйөлүү жана негиздүү корутундусун чыгарат», — деп МККдан белгилешти.

Ведомство аларга акыйкатчыдан кайрылмандардын укугу бузулгандыгы тууралуу жооп берүүнү талап кылган акты келип түшкөнүн билдирди. Алар акыйкатчыга тийиштүү материалдар менен документтерди берүүгө даяр.

Мыйзамдарда эмне деп жазылган?

«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргызстандын жарандыгын төмөнкүлөр ала алат:

  • Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этникалык кыргыз болуп саналган адамдар;
  • Кыргызстандын мурдагы жарандары Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн кайтып келгенде;
  • Кыргызстандын жараны менен никеге турган, Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн келген аял жынысындагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар.

Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандыгына мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргызстандын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан кабыл алынат.

Аларды кыргыз жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Ал эми Ички иштер органдары жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер тарабынан жарандык боюнча арыздарды кароонун жалпы мөөнөтү жалпы тартипте 90 күндөн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 30 күндөн ашпоого тийиш.

Кайрылман макамы

Кайрылман — Кыргызстандын жарандыгын алганга чейинки, убактылуу укуктук макам. Бул макамга ээ болгондор көбүнчө социалдык мүнөздөгү кыргыз жарандыгынын айрым бир укуктары менен милдеттерине ээ болушат.

Кайрылман күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү бир жылды түзөт, аны эки жылдан ашуун узартууга болбойт. Бул убакыттын ичинде кайрылмандар кыргыз жарандыгын алышы зарыл.

Эгер кайрылман берилген убакыттын ичинде кыргыз жарандыгын ала албаса, анда кайрылман күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин, ал юридикалык жактан жарандыгы жок киши болуп калат.

Кайрылман статусун тарыхый мекенине туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этникалык кыргыздар алышат.

«Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Ал эми «Кайрылман» термини мыйзам чегинде 2010-жылы бекитилип, тиешелүү күбөлүк бериле баштаган.

2016-жылдын 30-сентябрында Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга "Кайрылман" өкмөттүк программасы кабыл алынган, анда 90-жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин кыргыз жарандыгын 43 миңден ашуун этникалык кыргыз алган деп айтылат.

2016-жылдын 12-августунда МККнын төрагасы Алмазбек Асанбаев Кыргызстанга 75 миң этникалык кыргыз көчүп келгенин, анын ичинен 50 адам кайрылман статусуна ээ болгонун маалымдаган. Алардын ичинен 34 миңи кыргыз жарандыгын алган, ал эми 25 миң киши мекемеге бир да документ сурап кайрылган эмес.