Кыргыз-тажик чек арасындагы бир нече өткөрмө жайларын ачуу сунушталды

Сүрөт: Баткен облустук администрациясы

Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен 17-18-мартта Гулистон шаарында жолугушту.

Анда Лейлек районундагы «Кулунду», «Кайрагач», Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу боюнча жогорку бийлик органдарына сунуш берүү макулдашылды.

Ошондой эле тараптар эки облустун кызматташуусу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту.

Анда:

  • Кыргызстан менен Тажикстандын буга чейинки өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуу, келишим жана протоколдорун аткарууга алууну тийиштүү органдарга тапшыруу;
  • Чек аралаш аймакта чыр чатактардын алдын алуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү;
  • Терроризм, экстримизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, эл арасында аткезчиликке (контрабанда) бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу;
  • Суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү;
  • Жайыт жерлерин пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо;
  • Чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда массалык-маданий, спорттук иш чараларды уюштуруу;
  • Чек араны делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча буга чейинки кол коюлган келишимдерди так сактоо керектиги белгиленди.

Кыргыз-Тажик чек арасы

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы талаш-тартыш көп жылдардан бери бүтпөй келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын чек арасында 12 жаңжал катталган. Анын ичинен 9 окуя кыргыз-тажик чек арасында болгон.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, анын ичинен 519 километри боюнча делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү такталбаган бойдон калууда.

Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат — чек арада 2020-жылдын май айынан июнь айына чейин эле курал колдонулган бир нече чыр чыккан.

Мындан улам 15-16-февралда чек арада жайгашкан аймактардын 30га жакын тургуну чек араны демаркациялоону талап кылып митингге да чыгышкан.