Менчик учактар жана Чүй облусун өнүктүрүү. Эркин Тентишевдин маегин баяндап беребиз

Жакында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Эркин Тентишев Vesti.kg басылмасына маек курду. Анда бизнес кылып сатып алган жеке менчик учактары, Чүй облусун өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.

Бизнеси жана байлыгы

Тентишевдин айтымында, ал эч качан мамлекеттик кызматта иштеген эмес, ишкердик менен гана алектенген.

«Ооба, эки учагым бар. Мен аларды 2019-жылы ишкердиктен тапкан акчама сатып алгам, ал эми кызматка олтурганыма эки апта да боло элек. Учактар өлкөбүздүн экономикасына салым кошсун деп алгам. Ал эми чет элдик учактар бизге элди ташып келип конот. Жүргүнчүлөр Кыргызстандыкы. Түшкөн каражаттын 20%ы Кыргызстанга түшсө, 80%ы ошол мамлекеттин өзүнө түшөт. Учак кайсы өлкөнүкү болсо, ошол жакка түшөт. Башка бирөөнүн учагына күнүбүз түшпөй, башка бирөөнүн казынасына кеткен акча өзүбүздүкүнө түшсүн деген максатта алгам. Кыргызстандан сыртка учкан учактын салыгы толугу менен биздин өлкөгө түшөт», — деди ал.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү «колунда болгонунун бардыгын адал эмгек менен тапканын» баса белгилеген. Кант шаарындагы медициналык институтту дагы «Кыргызстанга көбүрөк киреше» түшүрүү үчүн ачкан.

«Сырттан 14-15 өлкөдөн келген студенттер контрактты да төгөт, жатканына, ичкен-жегенине төлөйт, бизден билим алат, 5 жылдан кийин колуна бир барак кагаз алып кетишет. Бирок институттун экономикабызга кошкон салымы көбүрөөк. Салыктарды да убагында төгүп турам. Мени уурдаба, бирөөнүн акысын жебе деп тарбиялашкан», — деди ал.

Облус башчысы катары пландары жөнүндө

Тентишев азыркы убакта жазгы-талаа иштерине көңүл буруу керек экенин белгилеген. Анын айтымында, облус бийлиги жергиликтүү калкты күйүүчү май жана үрөн менен камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Эртең буйруса Чүй облусундагы мектеп-интернаттарына тигүү цехтерин ачканы турабыз. Бул да болсо социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу жана ал жердеги балдар бул кесипти кошумча үйрөнүп алса, балким келечекте жумуш орун менен камсыз болуп кетет деген ойдобуз. Медицинаны жана билимди жогорулатсак дейт элем. Санариптик технологияны өнүктүрүү абдан маанилүү. Чүй облусу көп улуттуу аймак болгондуктан, ынтымакка чакырып бирдиктүү болуш үчүн маданий иш чараларга өзгөчө көңүл буруш керек», — деп Тентишев белгиледи.

Ошондой эле, Тентишев Чүй облусуна инвестиция тартууну көздөп жатканын айтып берген. Ал инвесторлор чет өлкөлөрдөн эмес, «өлкө ичинен» болот деп үмүт кыларын айткан.

Андан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл бул кызматта мурда иштеп кеткен Мирбек Мияровдун ишине жакшы баа берген. Тентишев 10-март күнү Мияровдун ордуна дайындалган болчу.

Эркин Тентишев деген ким?

Эркин Тентишев 58 жашта. «Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту» (АзМИ), «Эркин Эйр» авиакомпаниясы жана «Ультра Проф Сервис» күзөт-детективдик агенттиги сыяктуу бир катар компаниялардын негиздөөчүсү.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Тентишев «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде, алтынчы катарда шайлоого катышкан. Бирок депутат болгон эмес.

Чуу ээрчиткен медициналык окуу жай

Эркин Тентишев 2004-жылы атасы Саткынбай Тентишевдин атындагы Азия медициналык институтун негиздеген. Институт Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан. 2018-жылы, Тентишев «Азаттыкка» курган маегинде институтта окуунун бир жылдык акысы Дарылоо факультетинде 2 миң АКШ доллары же 135 миң сом, стоматология факультетинде — 75 миң сомду түзөрүн айткан. Институтта окугандардын 98%ын Индиядан жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

Бул мединституттун айланасында ар кандай жаңжалдар болуп келген. Студенттер окутуунун сапаты төмөн болгонуна көп жолу нааразы болушуп, окуу жайды жаптырууну да талап кылышкан. Ал эми 2014-жылы Билим берүү жана илим министрлиги «институтта окутуунун сапаты төмөн» деген негизде анын лицензиясын алып салган. Ошол жылы окуу жай чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүнө диплом бериш керек болчу, бирок диплом ала албай калган чет өлкөлүк 58 студент нааразылык акциясына чыгышкан.

Кийинчерээк Азия медициналык институту ошол эле жылы сот аркылуу лицензиясын кайтарып алган.

Мыйзамсыз үгүт үчүн айып

2020-жылдын декабрь айында, 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоого байланышкан үгүт иштери кызып турган чакта Эркин Тентишев жаңжалдын фигуранты болгон. Фейсбукта ага таандык медициналык окуу жайынын имаратында тартылган агитациялык ролик тараган. Анда Тентишев өзү Садыр Жапаровго добуш берүүгө үндөгөн.

Дрондун жардамы менен тартылган тасмада ЖОЖдун ичинде 20дан ашуун адам Садыр Жапаровдун портреттерин кармап турганын көрүүгө болот. Ошондой эле чогулган адамдар «Садыр» деп кыйкырышкан.

Азия медициналык институттун өкүлү бул иш-чараны уюштуруу «Ысык-Ата, Кант жаштар ынтымагы» жаштар кыймылы менен университеттин административдик директору тарабынан макулдашылганы менен, үгүт иштери жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө айтылбаганын белгилеген. Анда окуу жайдын административдик директору студенттер аралыктан окушкандыктан, иш-чарага катышпаганын билдирген.

Жапаровдун шайлоо штабы видеодон дароо баш тартып, бул тасмага «штабдын дагы, Жапаровдун дагы тиешеси жок» деп билдиришкен.

Натыйжада, БШКнын жумушчу тобу комиссия мүчөлөрүнө Эркин Тентишевди агитация эрежесин бузгандыгы үчүн 7 500 сом айыпка жыгууну сунуштаган.