Акыркы суткада коронавирустун 51 учуру катталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-мартта 51 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 18, Ош облусунуда — беш жана Жалал-Абад облусунда — бир бейтап сакайды. Ушуну менен өлкө боюнча 84 274 бейтап оорудан айыкты. 

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 75 учуру катталды. Бишкек шаарында — 56, Чүй облусунда — 12, Ош шаарында — эки, Нарын жана Жалал-Абад облустарында — бирден учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 87 537ге жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 571.

Мындан сырткары, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп каза болгондор катталган жок. Кыргызстанда илдеттен 1 490 киши көз жумду.

Ошондой эле, Бишкек шаарында эмгектенген бир медкызматкерден коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 221ге жетти, анын ичинен 4 195 медкызматкер илдеттен айыкты.