Кыргызстан AstraZeneca вакцинасы боюнча Глобалдык эксперттик топтун оң тыянагын алды

Кыргызстан 22-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык эксперттик комиссиясынын AstraZeneca вакцинасы боюнча корутундусун алды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, ДССУнун эксперттик тобу AstraZeneca вакцинасынан кийинки терс таасирлер адамдын коштоочу оорулары болсо гана пайда болот.

«12-мартта социалдык тармактарда эмдөө алган адамда тромбоз [кан тамырга кан уюп калуу] катталгандыктан, айрым европа өлкөлөрү AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү токтотту деген маалымат тараган.

22-мартта Кыргызстан ДССУнун Глобалдык эксперттик комиссиясынын AstraZeneca вакцинасы боюнча корутундусун алды. Бул вакцина менен эмдөө сунушталып жатат. Эксперттер терс таасирлер адамдын коштоочу ооруларынан улам болушу мүмкүн экенин такташты. Биз тараптан, тагыраак айтканда Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги бул маселени иликтөөнү улантабыз», — деди Ишенапысова.

Кыргызстан жана AstraZeneca

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 18-мартта Sputnik басылмасына курган маегинде Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын колдонуудан кийин Европада катталган өлүмдөр тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатканын айткан. Анын айтымында, вакцинаны иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

«Эгерде алар [каза болгондор] AstraZeneca вакцинасынан кийин көз жумса, албетте андан баш тартабыз. Ал эми өнөкөт оорулардын өтүшүп кетишинен же вакцинага байланышпаган башка себептер бар болсо, биз COVAX менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ал жерде башка вакциналар деле бар, COVAX сунуштаган башка вакциналарды деле байкап көрөбүз», — деген Бейшеналиев.

COVAX вакциналарын иштеп чыгуу жана борборлоштурулган сатып алуу демилгеси Кыргызстандын коронавируска каршы вакцинанын 1,2 млн дозасын алуу боюнча тапшырыгын жактырган.

AstraZeneca эмнеге кооптуу?

Вакцинаны британ-шведдик AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен бирге иштеп чыккан. 2020-жылдын декабрь айынын башында AstraZeneca коронавируска каршы вакцинасынын орточо таасирдүүлүгү 70%ды түзөрүн айтып чыккан.

Марттын башында Германия жана Франция баштаган бир катар европа өлкөлөрү ушул вакцина менен эмдөөнү токтоткон. Буга эмдөөдөн кийин айрым адамдарда тромб пайда болгону себеп болгон.

Ал эми Евробиримдиктеги эмдөөнү координациялаган Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) жана ДССУ азырынча адам өлүмүнө вакцина себепкер болгону далилденбегенин, андыктан AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.