Баткенде 20 жумушсуз аял жаңы кесипке ээ болуп, бизнес ачууга жардам алды

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Баткен облусунда 20 жумушсуз аял атайын окутуудан өткөрүлүп жаңы кесипке ээ болду. Аталган саамалык «Баткен шаарында үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Аялдар инсандык өнүгүү, бизнести пландаштырууну үйрөнүшкөн. Ал эми бизнес план түзгөн 8 аялга 400 АКШ доллардан грант, калганына ишкердүүлүккө зарыл болгон жабдуулар берилди.

«Аялдар кулинария, тигүүчүлүк, өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу алдыга жылдыруу, товарды же кызматты жарнамалоо, айыл чарба продукцияларын чакан күнөсканаларда өндүрүү, аймакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын базар талабына ылайык кургатууну үйрөнүшкөн», — деп билдиришти өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Долбоор «Диалог, ишеним, укук» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

Аялдар арасындагы жумушсуздук

Улуттук статистика комитети жана «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы кеңсеси Аялдардын эл аралык 8-март күнүнө карата Кыргызстандагы аялдар жана эркектер тууралуу кеңири статистикасын даярдаган.

Ага ылайык 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыздуулук деңгээли 48%ды түзсө, экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жашты түзгөн.

Дээрлик «аялдарга ылайык» делген тармактар — саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мейманкана жана ресторандар тармагы, соода-сатык.

Ошондой эле, аялдар арасындагы жумушсуздук эркектерге караганда жогору. Аялзаты канчалык жаш болсо, ошончолук иштебей калуу ыктымалдыгы жогору.

20-24 жаштагы 100 эркектин ичинен 64ү иштейт, ал эми 100 аялдын ичинен 29у гана иштейт. Мындай көрсөткүч кыргызстандык аялдар дал ушул жаш-куракта турмушка чыгып, же тун баласын төрөгөндүктөн келип чыгууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2020-жылы 76 миңден ашуун киши жумушсуз деп катталса, анын 36 миңин аялдар түзгөн. Бирок расмий түрдө жумушсуздардын саны алда канча көп.

Тема боюнча:

Кыргызстандагы жумушу бар аялдардын дээрлик бош убактысы болбойт — аны үй жыйноого коротушат

Стереотиптерге каршы вакцина. Кыргызстанда кыздарга өз жолун табууга эмне тоскоол жаратат?