Экс-депутат Жолдошова: «ГЭСти Өзбекстан менен бирге курсак суунун өзүн алдырып жиберебиз»

Экс-депутат Жылдыз Жолдошова

Экс-депутат Жылдыз Жолдошова «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте курбоого чакырды. Анткени бул учурда Кыргызстан суунун өзүн алдырып жибериши мүмкүн деп эсептейт.

Жолдошова мындай билдирүүнү 24-мартта Бишкекте болуп өткөн «Өлкөдөгү саясий кырдаал» аттуу жыйында жасады.

«Менин айтайын дегеним эгерде Өзбекстан менен бирге курсак, суунун башын эмес, суунун өзүн алдырып жиберебиз. Ушул убака чейин бир да президент стратегиялык обьектилерге тийген эмес», — деп белгиледи экс-депутат.

Жолдошова Кыргызстан коңшу өлкөгө сууну сатуу керек деп эсептейт. Анткени Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш байлыктарын сатып жатат деп белгиледи.

«Турдакун Усубалиев “алтынды алдырсаң да алдырып ал, бирок сууну алдырбагын” деген керээзин айтып кеткен. Садыр Нуркожоевичтен суранып кетет элем, эгер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген болсоңуз анда Сох маселесине жана ГЭСке тийбеңиз. Аксакалдар менен кеңешпей туруп [...] маселени чечпеңиз. Бул элдин жана Кыргызстандын байлыгы. Мен сизге муну эжеңиз катары, тарапташыңыз катары, кесиптешиңиз катары айтып жатам» — деди Жолдошова.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча макулдашуу

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан Нарын дайрасында «Камабар-Ата-1» ГЭСин биргеликте куруу чечимин кабыл алган. Келишим президент Садыр Жапаровдун коңшу өлкөгө барган сапарында түзүлгөн.

Жапаров «Азаттыкка» курган маегинде иш башталганын, долбоорду үч жылда бүтүрүү пландалып жатканын айткан.

«Толук кандуу ишке ашат. 30 жылдан бери кура албай келатабыз. Кудай буюрса үч жылда куруп бүтөбүз деп турабыз», — деген Садыр Жапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да бул темага кайрылып, «суу жана энергетиканы колдонуу тармагында биргеликте кызматташуу даярдыгы» бышыкталганын билдирген.

«Биздин компаниялар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилерди куруу жана чогуу иштетүү жөнүндө долбоорлорду бирге иштеп жатышат. Бул өтө олуттуу, ири долбоорлор болот. Биз бул жөнүндө меморандумга эмес, биринчи жолу макулдашууга бардык. Бул биздин келишимдердин реалдуу далили болуп саналат. Эми биз бул иштер боюнча элибиздин алдында отчёт берип турушубуз керек», — деген ал.

Жапаровдун 11-12-мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 22 документке кол коюлган, документтин экөөсү энергетика тармагына тиешелүү: эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин, Өзбекстанстандын суу чарба министринин жана Өзбекстандын энергетика министринин электр энергиясын бири-бирине берүү боюнча протокол.