Октябрь райсоту блогер Сыдымановду актады. Ал кастыкты козутууга айыпталып жаткан

Бишкектин Октябрь райондук соту Sydyman деген ат менен белгилүү блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча актоочу өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Медиа Полиси Институту» коомдук фонду кабарлады.

«2021-жылдын 24-мартында сот блогердин иши боюнча соңку өкүмүн чыгарды.«Медиа Полиси Институту» бул иш боюнча чыккан актоочу өкүмдү колдойт», — деп фонддо белгилешти.

Эмне болду эле?

2020-жылдын февраль айында блогоер инстаграмындагы өзүнүн түз эфирлердин биринде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында колдонулган кээ бир уят сөздөр боюнча терс ойлорун билдирген. Анын айтымында, «толук эмес жана уят сөздөрдүн 70-80%ын» ага «түштүктөн» жазышат.

«Чын, мен бетиңерге эле айтайын, Ош, Жалал-Абад, Баткен өнүгө элек. Балким сен Баткенден, Ош же бир жактан болоттурсуңар, бирок мага чын жүрөктөн жакпайсыңар. Анткени өнүкпөйсүңөр силер», — деген Сыдыманов.

Түз эфирдин бул бөлүгү коомчулукта резонанс жаратып, көп өтпөй блогерге коркутуулар келип баштаган, ошол себептен ал 3-февралда айткандары үчүн кечирим сурап, ютуб каналында видео жарыялаган.

Сыдыманов 17-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин Октябрь райсоту блогерди «Расалык, этникалык, улуттук диний же аймак аралык кастыкты козутууга» шектеп, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Блогер кармалгандан кийин апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мамлекет башчысын иштин иликтенишин жеке көзөмөлгө алуусун суранган.

Эксперттен эмне дешти?

«Медиа Полиси Институтунун» көз карандысыз эксперттери блогердин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутуунун белгилерин таппаганын билдиришкен.

«Анын айткандарын уксаңыз, ал постторунун алдында ким “туурараак” сөгүнөөрү тууралуу сөз кылган. Бул келесоолук. Ал адамдарды ким алысыраак түкүрөөрүн салыштырып, муну кылганды билбегендерди жолу жок кишилер деп эсептегендей эле да. Же бул сарказм, шылдың — буларга да тыюу салынган эмес», — деп билдирген медиа өкүл Акмат Алагушев.

2020-жылдын ноябрь айында адвокат кылмыш ишин козгоого себеп болгон Сыдымановдун сөздөрүнө карата психологиялык-лингвистикалык экспертиза өткөрүү боюнча анын арызын судья канааттандырбай койгонун билдирген.

Кийинчерээк, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мамлекеттик айыптоочу бул арызга колдоо көрсөткөн. Экспертизанын жыйынтыктары боюнча Сыдымановдун сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу жана зордук-зомбулук иш аракеттерине чакыруунун белгилери жок экенин аныкталган.