Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты

Башкы прокуратура 10-мартта соттун отурумунда блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча айыптоодон баш тартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Ага ылайык, соттук-лингвистикалык экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу жана зордук-зомбулук иш аракеттерине чакыруунун белгилерин тапкан эмес.

Буга чейин прокурор блогерди алты жылга эркинен ажырутууну сураган.

Эмне болду эле?

Инстаграмда Sydyman деген ат менен катталган блогер Элмир Сыдымановдун баракчасын 250 миңден ашуун адам окуйт. Ал өзүнүн барагында тамашалуу контент жасап, түз эфирлерге чыгат — анда ал көрүүчүлөр менен маектешип, алардын комментарийлерине жооп берет.

Буга чейин ал инстаграмындагы түз эфирлердин биринде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында колдонулган кээ бир уят сөздөр боюнча терс ойлорун билдирген. Анын айтымында, «толук эмес жана уят сөздөрдүн 70-80%ын» ага «түштүктөн» жазышат.

«Чын, мен бетиңерге эле айтайын, Ош, Жалал-Абад, Баткен өнүгө элек. Балким сен Баткенден, Ош же бир жактан болоттурсуңар, бирок мага чын жүрөктөн жакпайсыңар. Анткени өнүкпөйсүңөр силер», — деген Сыдыманов.

Түз эфирдин бул бөлүгү коомчулукта резонанс жаратып, көп өтпөй блогерге коркутуулар келип баштаган, ошол себептен ал 3-февралда айткандары үчүн кечирим сурап, ютуб каналында видео жарыялаган.

Сыдыманов 17-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин Октябрь райсоту блогерди «Расалык, этникалык, улуттук диний же аймак аралык кастыкты козутууга» шектеп, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Блогер кармалгандан кийин анын апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мамлекет башчысын иштин иликтенишин жеке көзөмөлгө алуусун суранган.

«Медиа Полиси Институтунун» көз карандысыз эксперттери блогердин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутуунун белгилерин таппаганын билдиришкен.

«Анын айткандарын уксаңыз, ал постторунун алдында ким “туурараак” сөгүнөөрү тууралуу сөз кылган. Бул келесоолук. Ал адамдарды ким алысыраак түкүрөөрүн салыштырып, муну кылганды билбегендерди жолу жок кишилер деп эсептегендей эле да. Же бул сарказм, шылдың — буларга да тыюу салынган эмес», — деп билдирген медиа өкүл Акмат Алагушев.

Тема боюнча:

Блогер Sydyman үй камагына чыгарылды

Аймак аралык кастыкты козутууга айыпталган блогер эки айга ТИЗОго киргизилди