Курсан Асановдун аялы УКМКнын имаратында инстульт болгон — адвокат

Учурда камактагы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Динара [Гүлнара Үсөнканова] УКМКда болгон кезде, анын мээсине кан куюлган. Бул тууралуу Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова фейсбук-баракчасына жазды.

Токтокунова 25-мартта Динара менен Биринчи май райсотунда Асановдун уулуна байланышкан процесстен улам анын үйүндө жолуккан.

*Курсан Асановдун уулу — Али — 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы учурунда далилдерди жок кылуу жана макулдашуу иши боюнча шектүү катары өтүп жатат. Кийин Али Асанов өлкөдөн чыгып кетип, 2020-жылы парламенттик шайлоо болуп, бийлик алмашкандан кийин кайтып келген.

Адвокат Асановдун жубайы андан эгерде өзү бир нерсе болуп кетсе, Асанов абактан чыкканга чейин баласына көз салып турууну гана өтүнгөнүн билдирди.

«Мен ага [Курсан Асановдун жубайына] баары жакшы болот, генерал [Курсан Асанов] бошонуп чыгат, сиз айыгып кетесиз, Алинин кыйынчылыктары дагы артта калат, андан бетер жакшы болот деп айттым. Аны [уулу Алини] камабайт, мен жанында болом, сиз дагы биз менен бирге болосуз деп айттым», — деп жазды Токтакунова.

Токтакунова Асановдун жубайы УКМКнын имаратында кандай жагдайда инсуль болгонун билерин кошумчалап, бул маалыматты жооптууларды жоопкерчиликке тартуу үчүн расмий кайрылуу жасаганда кабарлай турганын белгиледи.

ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов быйыл 26-январда кармалган. Ал 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык башаламандыктарды уюштуруу жана ИИМдин имаратын басып алууга шектелип жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, сот чечими менен Асанов 21-мартка чейин ТИЗО-1ге киргизилген болчу. Бирок 24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, 20-мартта сот Асановду УКМК тергөө абагына 26-майга чейин калтыруу чечимин чыгарган.