Курсан Асанов имаратты жана курулмаларды басып алууга шектелип кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Асановго Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү «Имараттарды жана курулмаларды басып алуу» боюнча айып тагылууда.

* Имараттарды, курулмаларды, жолдорду же катнашуу жана байланыш каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу, же болбосо аларды кармап туруу, аларды жок кылуу же бузуу коркунучу менен, же болбосо жарандарды өлтүрүү же алардын ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу менен коштолгон, коркунучтарды аткарбоонун шарты катары мамлекеттик же башка органды, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого, же болбосо жасабоого мажбурлоо максатында жасалса, III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Асанов ИИМдин тергөө кызматы тарабынан суракка алгандан кийин кармалган. Башында ал күбө катары өтүп жаткан. Айткулов бул кармоону саясий иш деп сыпаттады.

«Укук коргоо органдары кармоо боюнча токтомдо ал айыпталып жаткан иш боюнча кылмыштын фабуласын көрсөткөн эмес. Болгону беренени гана жазып коюшуптур. Ошондой эле, ким жабыр тартканын так жазышкан эмес. Менин жактоочумдун эч кандай күнөөсү жок. Тескерисинче, кыйын учурда ал абалды турукташтырууга аракет кылды. ИИМдин жетекчилиги октябрь окуялары учурунда качып кетишкен, түзүмдүн бары кароосуз калган. Ал тартипти орноткону үчүн аны макташ керек болчу», — деген пикирин Айткулов vesti.kg басылмасына билдирген.

Ал ошондой эле, Асановду Бишкек ШИИБдин убактылуу тергөө жайына киргизишкенин кошумчалады.

4-октябрда өткөн парламенттин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандар Ак үйдү алгандан кийин Асанов өзүн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Бирок, бир-эки күндөн кийин ал бул кызматтан кетип, көп өтпөй укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ал жетекчилик кылган кыска убакытта ИИМдин жеке курамы менен таанышып, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөнгө жетишкен.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Асановду 10-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо чечимин чыгарып, Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Кийин Асанов прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган болчу. Андан соң ал президенттикке талапкер болгондуктан аймактарда үгүт иштерин жүргүзүү үчүн өлкөну кыдырууга уруксат берилген.

Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо 17 талапкердин бири болгон. Ал добуш бергендердин 0,49 пайыз гана колдоосу ээ болгон.

ДАГЫ ОКУҢУЗ

УКМК Курсан Асановдун жубайын алдамчылыкка шектеп жатат