Депутат Бекешев өкмөттөн «Акчаматтын» ишин «катуу көзөмөлдөөнү» талап кылды

Депутат Дастан Бекешев 31-мартта «бир мүнөттө насыя берген» «Акчамат» терминалдарынын ишмердиги тууралуу маселе менен Улуттук банктын өкүлүнө кайрылды. Депутат «Акчамат» компаниясынын ишинин мыйзамдуулугу менен анын өкмөттүн көзөмөлүнө алынган-алынбаганына кызыкты.

Эл өкүлү кайрылуусунда Улуттук банк менен өкмөттөн өлкөдөгү бул сыяктуу компаниялардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүнү талап кылды.

Бекешев 2019-жылы октябрда «Акчамат» терминалдарына байланыштуу Улуттук банкка кайрылганын белгиледи. Анын айтымында, 2019-жылы Улуттук банк аталган компанияга эскертүү берип, ишмердигине тыюу салган.

«Жакырчылыктын айынан адамдар бул насыяларды чоң үстөк пайыздар менен алганга мажбур. Улуттук банк менен өкмөт эмнени карап отурат? Эл 2-3 миң сом алса, күнүнө 2-3% кошулуп кетет», — деди ал.

Улуттук банктын өкүлү эл өкүлүнө Улуттук банк финполго бул компания лицензиясыз иштеп жатканын айтып кайрылып, бир нече жолу компанияга эскертүү берген деп жооп берди.

«Бул компания азыр насыя бербейт, буга чейин берген насыяларын төлөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Азыр алар Улуттук банкка лицензия алуу үчүн документтерди тапшырышты», — деди ал.

Бекешев башкы банктын өкүлүнүн жообуна макул эместигин айтып, аталган терминалдар бүгүнкү күнгө чейин насыя берип жатканын, ал эми «соода борборлорунда бул терминалдарга кезек чогулуп калып жатканын» билдирди.

«Анда-мында текшерип жатабыз. Бүгүнкү күндөн тартып бул ишмердик боюнча көзөмөлдү күчөтөбүз. Компания бизнес-акыйкатчыга Улуттук банк аларга мыйзамсыз талаптарды коюп, ишмердигине тоскоолдук жаратып жатат деп кайрылганын да кошумчалап кетейин. Биз акыйкатчыга бардык жагдайды айтып берип, пайызы ушундай болгон ишмердик лицензияланышы экенин жана Улуттук банктын көзөмөлүндө болушу керектигин түшүндүрдүк», — деди башкы банктын өкүлү.

Бекешев Улуттук банкты «формалдуу мамиле кылбай», мындай компанияларды «катуу көзөмөлдөөгө» чакырды.

«Алар сүткорлук ишмердик жөнүндө мыйзамды бузуп жатышат, персоналдык маалыматтар кайда кетип жатканы, дегеле Кыргызстанда сакталабы-жокпу түшүнүксүз. Алар ар бир берилген насыя үчүн салык төгүшү керек, эгерде киреше таап жатышкан болсо», — деп белгиледи эл өкүлү.

Башкы банктын өкүлү депутаттын айткандарына кошуларын, бирок Улуттук банктын «тийиштүү ыйгарым укутары жоктун» айтты.

Депутат финпол жоюлгандыктан бул ишти УКМКнын Антикоррупциялык кызматына өткөрүп берүүгө өкмөттү чакырды.

*Финпол 5-мартта жоюлган, бирок анын функциялары кайсыл мекемеге өткөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

«Үстөк пайызы чоң насыяларды берген автоматтар дагы эле ишмердигин токтото элек болсо, демек алардын ээлеринин маморгандарда калкалаган таасирлүү адамдары бар. Улуттук банк аларга бир нече жолу эскертүү берген. Эч кимдин тилин укпайт, финпол болсо атайын иш козгогон эмес […] Менин оюмча, мындай компаниялардын УКМК, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында же финполдо колдоочулары бар […] Же уюшкан кылмыш топтору аларды коргоп жатабы?» — деп депутат айтты.

«Акчамат» терминалдары деген эмне?

2019-жылдын апрель айында Бишкекте бир мүнөттө насыя берген «Акчамат» терминалдары пайда болгон. Бирок ал үчүн насыя алгысы келген адам өзү жөнүндөгү маалыматтарды, анын ичинде паспортунун көчүрмөсүн жана манжаларынын изин дагы бериши керек.

2019-жылдын октябрь айында Улуттук банк «Акчамат» терминалдарынын ишин токтотуп, укук коргоо органдарына кайрылып, «жарандардын персоналдык маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүү коркунучуна басым жасап» текшерүү жүргүзүүнү суранган.

Ошол эле жылдын ноябрь айында Улуттук банк соода борборлоруна жана базар жетекчиликтерине «Акчамат» терминалдарын өчүрүп, ижара келишимдерин жокко чыгарууну сунуштаган. Ал кезде Бишкекте 12 «Акчамат» иштеп турган.

Анда финансылык көзөмөлдөө мекемеси «Акчаматтын» өкүлдөрү Улуттук банктын каттоосунан өтпөгөнүн жана насыяга акча берүүгө лицензия албаганын билдирген.

«Азыркы учурда “Акчамат” терминалдары насыя берүү боюнча ишмердигин токтотуп, карыз берүү иштерин жүргүзөт. Мында жарандык мыйзамдар алкагында иш жүргүзүлүп, ал Улуттук банктын көзөмөлүндө болууга тийиш эмес» — деп билдирген ошол кезде Улуттук банк.

Мыйзам боюнча, компания жарандарга акчаны лицензиясы жок эле карызга бере алат.

«Акчамат» компаниясынын сайтындагы маалымат боюнча, Бишкекте жана Чүй облусунда 30га жакын терминал иштейт.