Улуттук банк соода борборлоруна «Акчамат» терминалдарын койбоону сунуштады

Улуттук банктан «Клоопко» билдиришкендей, өлкөнүн башкы банкы «соода борборлору менен базарлардын администрацияларына ижара келишимин бузуп, “Акчамат” терминалдарын өчүрүүнү сунуштады». Улуттук банктын маалыматына ылайык, учурда Бишкекте болжолдуу 12 ушундай терминал иштейт.

«Кошумча Бишкек мэриясына, райондук администрацияларга жана соода борборлоруна насыя берүү боюнча “Акчамат” терминалдарынын иши мыйзамсыздыгы тууралуу маалымат каттары жөнөтүлдү», — деп айтышты Улуттук банктан.

Ал жактан «Акчаматтын» өкүлдөрү Улуттук банкта каттоодон өтүшпөгөнүн жана насыяга акча берүүгө лицензия алышпаганын кошумчалашты. Бирок ошондой болсо деле, мыйзам боюнча, компания лицензиясыз деле жарандарга карызга акча бере алат.

«Учурда “Акчамат” терминалдары кредит берүү боюнча ишин токтотуп, карыз берип жатат. Бул жарандык мыйзамдын алкагында жүзөгө ашырылып жатат жана Улуттук банктын тескөөсүнө алынбайт», — деп билдиришти Улуттук банктын өкүлдөрү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту сентябрда «Акчаматтын» мурдагы директорун айыпка жыгып, ага жырым жыл насыяга акча берүү ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салган.

Терминалдардын ишмердигин токтотуу

Октябрдын башында Улуттук банк 30 секун ичинде акча каражатын карызга берүүнү сунуштаган «Акчамат» терминалдарынын ишин токтото турууну чечкен.

Насыя алуу үчүн болгону паспортун жана кол манжаларынын изин сканерлөө гана жетиштүү болгон. Кыска мөөнөттүү насыялар 10 күнгө чейин берилген. Анда Улуттук банк терминал акчаларды уруксат документтерисиз берип турган деп кабарлаган.