Президенттин өтүнүчү менен Жогорку соттун төрайымы кызматынан убактылуу бошотулду

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов 31-мартта президент Садыр Жапаровдун сунуштамасын күн тартибине кошууну өтүндү. Анда өлкө башчысы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтото турууну суранган.

Буга бир катар депутат Калиеванын өзүнөн маалымат уккулары келерин айтып жооп беришти. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, ЖМКларда Жогорку соттун төрайымына кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар пайда болууда.

«Мен түшүнүп турам, президенттин буга укугу бар. Бирок анын өзүнөн кысым болуп-болбогонун уксак жакшы болмок», — деп белгиледи ал.

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов тартип комиссиясы Калиеваны жоопко тартууга уруксат бергенин билдирип, ага суроо берүүнүн кажети жоктугун айтты. Анын айтымында, дал ошол чечимдин негизинде президент ушундай сунушту берген.

Жыйынтыгында Калиеваны кызматынан убактылуу четтетүү үчүн 61 депутат макулдугун берип, төрт эл өкүлү каршы чыкты. Жалпысынан жыйында 106 депутат катталды.

Буга чейин, 4-март күнү Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы Калиеванын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. Бул чечими менен комиссия Башкы прокуратуранын кайрылуусун канааттандырган. Калиева «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) ишке ашыруудагы коррупцияга шектелүүдө.

Мындан тышкары, комиссия президентке Гүлбара Калиеваны Жогорку соттун төрайымы кызматынан четтетүү сунушун берүүгө чечим чыгарган.

Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү Замирбек Субаналиев белгилегендей, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, андан тышкары Сот департаменти менен «Адилет сот» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарына Гүлбара Калиева өзү буйрук бергенин көрсөткөн иштин материалдары бар. Жогорку соттун төрайымы «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууну жеке өзү тескеген.

Тергөөчүнүн айтымында, Калиеванын аракети мамлекетти 1 млн 211 миң сом зыянга учураткан. Мындан тышкары, тергөөчү мамлекеттин коопсуздугу коркунучка кептелгенин, себеп дегенде жеке компанияга маалыматтар базасына толугу менен жеткилик берилген.

Калиевага байланыштуу иштер

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Калиевага карата эки сотко чейинки өндүрүштү баштаган. «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) иштеп чыгуу жана өздөштүрүүдөгү коррупция иши боюнча тергөөчүлөр Жогорку сот IT-компания менен программалык камсыздоо түзүү үчүн «жасалма» келишим түзгөнүн аныктаган. УКМКда Калиеванын күнөөсүнүн «четке кагылгыс далилдери» бар экенин билдиришкен.

Мындан тышкары, Калиевага карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. УКМКнын маалыматына ылайык, Калиева жана Свердлов райсотунун экс-төрайымы интернетте сот бийлигинин айрым өкүлдөрүн дискредитациялаган видеолорду жайылтышкан.

2020-жылдын 28-декабрында Башкы прокуратура Калиеваны жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылган. 2021-жылдын 5-январында комиссиянын отуруму өткөрүлмөк, бирок отурум Калиеванын ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган.

УКМК Калиеваны тартип комиссиясынын ишине атайын бут тосууда деп бир нече жолу айыптаган. Ал эми 3-мартта Жогорку соттун төрайымы «ар кандай шылтоо менен өз маселесин кароону создуктуруп жатат» деп билдирген.

Жогорку сот буга «Комиссиянын отуруму Калиеванын ооруганына байланыштуу жылдырылган. Анын ден соолугунун начарлашы дарылоо мекемеси тарабынан берилген эмгекке жараксыздык баракчасы менен бышыкталган» деп жооп берген.

Жогорку сот айыптоолордун баарын четке кагып, «Жергиликтүү сот» долбоорун эл аралык уюмдар көзөмөлдөгөндүктөн жетекчилик коррупцияга аралаш болушу мүмкүн эмес экенин билдирген.