Жогорку соттун төрайымы Калиева жоопкерчиликке тартылат. Тартип комиссиясы макулдугун берди

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Калиеваны жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунуштаманы Башкы прокурор Курманкул Зулушев киргизген.

«Тартип комиссиясы кабыл алды: Башкы прокурор [Курманкул] Зулушевдин Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуштамасы канааттандырылсын [...] Жогорку соттун төрайымын “Коррупция” кылмыш белгилери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга [Тартип комиссиянын] макулдугу берилсин», — деп айтылат Тартип комиссиянын чечиминде.

Ошондой эле, Тартип комиссиясы Калиеваны тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуштады.

Ал эми Жогорку соттун төрайымы «ден соолугуна байланыштуу» комиссиянын отурумуна келген жок.

Калиевага байланыштуу иштер

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-жылы 24-декабрда Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Калиева «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) ишке ашыруудагы коррупцияга шектелүүдө.

Тергөөчүлөр Жогорку сот IT-компания менен программалык камсыздоо түзүү үчүн «жасалма» келишим түзгөнүн аныктаган. Мамлекетке келтирилген чыгым болжол менен 8 млн сом экени айтылууда.

Кийинчерээк Жогорку сот УКМКнын Калиевага карата айыптары «негизсиз» экенин жана «күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш иштеринин негизги принциптеринин бири» болгонун билдиришкен.

28-декабрда Башкы прокуратура Калиеваны жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылган. Бирок комиссиянын отуруму Калиева ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган.

Ал эми 3-февралда УКМК Калиевага карата экинчи сотко чейинки өндүрүштү баштаган — атайын кызмат Калиева жана Свердлов райсотунун экс-төрайымын «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеген. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр интернетте сот бийлигинин айрым өкүлдөрүн дискредитациялаган видеолорду жайылтышкан.