Factcheck.kg басылмасы жергиликтүү кеңештерди шайлоого аттанган ар кайсыл партияларды колдогон 600 фейсбук-аккаунтту талдап чыкты. Аккаунттагы маалыматтарды талдоодон өткөргөндөн кийин, басылманын адистери төмөндөгүдөй график сунуштады:
Басылма шаардык кеңештерге талапкер болгон 24 партиянын ичинен шайлоо өнөктүгүнө үчтөн жети миллион сомго чейин сарптаган алты партияны тандап алган. Журналисттер фейк барактардын маалыматын, анын ичинде катталган күнүн, жеке контетинин бар-жогун жана башкы сүрөтүн талдоого алышкан.
Топтолгон маалыматтарга ылайык, «Ынтымак» партиясын колдогон 100 аккаунттун ичинен 72%ы — фейктер. Партияны мурдагы шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон депутат Марлен Маматалиев жетектейт. Баса, ал шайлоодо дагы «Мекеним Кыргызстан» партиясын социалдык тармактарда ондогон фейктер сүрөмөлөшкөн.
Маматалиев жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 7-катарда барган. Маматалиев өзү шаардык кеңешке барбаганы менен, анын «Мекеним Кыргызстандагы» эки «кесиптеши» шайлоого «Ынтымактын» катарында бара жатат.
Андан тышкары, «Ынтымак» Ош шаардык кеңешине 2-катар номери менен Семетей Козуевди жөнөтүп жатат — ал «Россия Нефть» компаниясынын стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. «Россия Нефтке» анын агасы Алишер Козуев менен Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова ээлик кылат.
Талдоого алынган «Эмгек» партиясын колдогон 100 аккаунттун 60%ы фейктер. Партия өзү 2013-жылы түзүлгөн, лидери ишкер Аскар Салымбеков. Бул партиядан Бишкек шаардык кеңешине №1 болуп Бишкек шаардык кеңешинин учурдагы спикери Жаныбек Абиров бара жатат.
Аталган партия КСДП, «Республика», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын мурдагы мүчөлөрүнө дагы орун берген — бул партиялардын ар бири мурдараак өз демилгелерин социалдык тармактарга фейктер аркылуу жайылтканы байкалган.
НДПК партиясын колдогон 100 аккаунттун 48%ы фейктер. Партиянын тизмесинде №1 катарда Илим Карыпбеков — КТРКнын мурдагы башкы директору, андан кийин БШКнын депутаты Кубанычбек Конгантиев турат, ал мурдагы ИИМ башчысынын жакын тууганы. Ошондой эле, бул партия менен «Биримдиктин» беш мүчөсү да бара жатат. Биримдик — бул ошол кездеги бийликтин партиясы, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо фейктердин кызматын кенен колдонгон.
«Ак-Бата» партиясын колдогон 100 аккаунттун ичинен 42%ы фейк, анын тизмесинин сап башында Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев турат. Партиянын башка мүчөлөрүнүн арасында, «ПолитКлиниканын» «жер мафиясы» тууралуу иликтөөсүндө Түлеевдин жакын адамы катары эскерилгендер дагы бар.
«Ата-Журт» партиясын колдогон 100 аккаунттун 28%ы фейк. «Ата-Журт Кыргызстан» — мүчөлөрүнүн саны эң көп жана Кыргызстандын саясий айдыңындагы жаңы оюнчу. Бул партиядан шаардык кеңештерге миңден ашуун талапкер аттанган.
Азыркы учурда партияны Айбек Маткеримов жетектейт — ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкерлигин койгон. Бул партиядан президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары, ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу талапкер.
Атаандаш-партиялар «Ата-Журт Кыргызстан» тарабынан кысымга кабылганын айтып, аны админресурсту колдонууга айыпташкан. Бул партиядан Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмесинде Бабыржан Төлбаев биринчи болуп бара жатат.
Социал-демократтарды колдогон 100 аккаунттун 23%ы фейктер. Бул партияга ыдыраган КСДПнын айрым мүчөлөрү кирген. Социал-демократтардан мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев шайлоого аттанган. Партия лидери — Темирлан Султанбеков. Ал 2020-жылдын октябрь айындагы дебаттарда КСДП партиясынын кызыкчылыгын коргогон. Султанбеков шаардык кеңештин депутаттыгына барбайт.
Парламенттик шайлоонун алдындагы «башкы репетиция»
11-апрелде кыргызстандыктар жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлайт. Шайланган депутаттар жергиликтүү деңгээлде маанилүү чечимдерди кабыл алат.
Шайлоо 28 шаардык (анын ичинде Бишкек жана Ошто) жана 420 айылдык кеңешинде өтөт. Айылдык кеңештерге көбүнчө өз талапкерлигин өзү көрсөткөндөр бараткан болсо, шаардык кеңештерге саясий партиялардын талапкерлери аттанууда.
Шайлоонун жыйынтыгы менен 796 депутат 28 шаардык кеңеште мандатка ээ болот. Алар жергиликтүү деңгээлде билим берүү, саламаттык сактоо, бюджет маселелерин чечүүдөн тышкары, мыйзамдарды кабыл алууга да укуктуу болот.
Эксперттер жергиликтүү шайлоолорду «Жогорку Кеңешке шайлоонун башкы репетициясы» деп аташат. Анын негизинде, мисалы, келерки парламенттик шайлоодо бийликчил партияларды колдоо жана шайлоого келип бергендердин пайызын болжоого болот.
2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган Конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо «2021-жылдын 1-июнуна чейин кечиктирилбестен, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык түрдө жарыяланышы зарыл». Ошол эле учурда, президент Садыр Жапаровдун айтымында, парламенттик шайлоо бул мезгилден кечирээк — 2021-жылдын октябрь айында өтүшү ыктымал.