Президент парламенттик шайлоо октябрга пландалганын айтты

Президент Садыр Жапаров парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоо октябрь айына пландалып жатканын «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде 11-апрелде жергиликтүү шайлоолор менен чогуу боло турчу референдумда Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынып калса, башка мыйзамдарды ага туура келтирүү үчүн 2-3 ай кетет.

«Бардык мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайык келтиришибиз керек, буга 2-3 ай убакыт кетет. Ошентип Жогорку Кеңештин шайлоосу июль, августка барып калат экен. Жайында эч ким шайлоого катышпайт да, билесиңерда. Ары жакта эки ай гана калат экен. Анын ары-бери жагы кайсы деп октябрь айында парламенттик шайлоо өткөрөлү деп пландап отурабыз», — деди ал.

Жапаров шайлоочулардын басымдуу бөлүгү айыл жеринде экенин айтып, сентябрдын аягында алардын жыйым-терими бүтүп, бошоп каларын кошумчалады.

Кризис жана жаңы Конституция

Конституциялык реформа жүргүзүү зарылчылыгын Садыр Жапаров абактан бошотулуп, президенттин милдетин аркалай баштагандан кийин айта баштаган. Жапаров Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы болушу керек деп эсептейт. Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган.

Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актанган. Бирок Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.

Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, коомдо «Ханституция» атка конгон. Юристтер, активисттер жана бир катар депутаттар кескин сынга алган.

Андан кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып, аны парламентке сунуштаган. Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун март айынын башында биринчи окууда кабыл алган. Бир жумадан кийин 11-мартта экинчи, үчүнчү окууда дароо кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.

Депутат Жанар Акаев бир катар депутаттар ушул мыйзам долбооруна добуш берүү үчүн керек болсо чет жактан шашылыш учуп келгенин айткан.

Добуш берүү күнү коррупция беренеси менен айыпталып, УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов парламентке келген. Ал журналисттерге Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарганын айткан.