Өкмөт дагы 188 миң кишини эмдөө үчүн Орусиянын «Спутник V» вакцинасын сатып алат

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Орусиянын «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн кошумча каражат бөлүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов 6-апрелде билдирди.

«Учурда 118 миң кишини эмдөөгө орусиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алуу үчүн кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө буйрук даярдалып жатат», — деди Бектурганов.

Буга чейин саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Спутник V» вакцинасын сатып алууга 215 млн сом каралып жатканын билдирген. Бейшеналиевдин айтымында, «Спутник V» вакцинасынын бир дозасы орто эсеп менен 8-10 доллар турат.

«Алардын май-июнь айларында келүүсү күтүлүүдө. Завод жетишпей жатат. Сатып алган вакцина тезирек келет. Улуттук программага ылайык, биздин калк аны акысыз алат», — деди Бейшеналиев.

Ал эми вакцинанын 500 миң дозасы акысыз берилери айтылган. Ошондой эле Бейшеналиев вакцинаны сатып алууга чет өлкөдө жашаган ишкер мекендештер жардам берерин айткан.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Биринчи этапта элге Кытайдын SinoPharm вакцинасы сайыла баштаган. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө бул вакцинанын 150 миң дозасы акысыз келгенин билдирген.

Вакцинанын бул көлөмү 75 миң кишиге жетиши керек, анткени бул препарат аралыгы 25-28 күн ичинде эки жолу сайылат.

Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эмдөө пландалууда. Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат. Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө киши 644 эмдөөдөн өттү.