«Ийнеден корком». Министр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчи болуп эмделди

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи болуп алды. Министрге Кытайдын SinoPharm вакцинасы сайылды.

Буга чейин министр андан кийин орун басарлары эмделе турганын айткан.

29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Биринчи этапта элге Кытайдын SinoPharm вакцинасы сайыла баштады. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө 150 миң доза акысыз келгенин билдирген. Вакцинанын бул көлөмү 75 миң кишиге жетиши керек, анткени бул препарат аралыгы 25-28 күн ичинде эки жолу сайылышы керек.

Мындан тышкары, Бейшеналиев Кыргызстанга жайга чейин орусиялык «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасы келерин айтты.

Өлкөдө эмдөө үч этап менен өтүп, баштапкы этабы Бишкек, Ош жана Чүй облусунда башталат.

Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч орган кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат.Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта жүргүзүлөт.