Бийликти кан төкпөй, тынчтык жолу менен таза шайлоо аркылуу чыңдоо керек — Жапаров

Президент Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Жапаров өз сөзүндө «коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык» 2010-жылы бийликтин саясий режиминин кулатылышына себеп болгонун билдирди.

«Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду» — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, 2010-жылы 7-апрелде нааразылыгын билдирген жарандар Ак үйдүн алдына ɵз саясий укуктарын коргоо үчүн барган, бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди.

«Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду. Революциянын дагы бир сабагы — мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө» — деп эсептейт Жапаров.

Жапаров өз сөзүндө каршылык акциялары учурунда каза болгондорду эскерди.

«Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык. Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет» — деди Жапаров.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда эл бийликтин эзүүсүнө каршы көтөрүлүп, мунун жыйынтыгында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев тактан кулатылган. Бакиев үй-бүлөлүк-кландык башкарууну түзгөн деп айыпталса, үй-бүлө мүчөлөрү рейдерлик басып алууларга, атаандаштарынын жана журналисттердин көзүн тазалаган деп айыпталган.

2010-жылы 7-апрелде нааразылык акциясына катышкандарга каршы курал колдонулуп, 80ден ашуун адам каза тапкан.

Ал эми Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен башында өлкөнүн түштүгүнө, андан соң Беларуска качкан. Кыргызстанда Бакиевге жана анын кланынын мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери козголгон. Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылган кесилген, анын ичинен 25 жылды ал күчөтүлгөн режимдеги колонияда өткөрүшү керек болгон. Анын бир тууганы - Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Буга карабастан, Беларустун президенти Александр Лукашенко Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Дагы окуңуз: Назарбаев Акаев менен Бакиевди Кыргызстандан кантип чыгарып кеткенин айтып берди