Иллюстрация: Айзада Канатбекованын уурдалышына реакция

Дизайнер Нурбек Насыранбеков Айзада Канатбекованын уурдалышына реакция катары иллюстрация тартып, соцтармактарга жарыялады.

Иллюстрацияда ички иштер министри Улан Ниязбеков, Бишкек ИИББ жетекчиси Бакыт Матмусаев тартылган. Ошондой эле Айзаданы ала качышканы тууралуу кабарга айрым соцтармактын колдонуучуларынын жазган билдирүүлөрү жайгаштырылган.

«27ге чыгыптыр, мурда эле кетиш керек болчу [күйөөгө]», «Оо, бактылуу кыз тура», «Салт ушундай».

Бишкек шаардык ИИББ жетекчиси колунда жүрөк формасындагы аба шарын кармап турат. Шарда «Кут болсун!» деген жазуу бар.

В комментариях под постом о похищении девушки многие писали и даже поздравляли, мол, пусть радуется, что ее в 27 лет...

Posted by Aidana Abduvaitova on 2021-ж., 7-апрель, шаршемби

Насыранбеков кызды куткарып калбаган милиция кызматкерлерине жарандардын нааразылыгынын шартында бул иллюстрацияны даярдаган. Ал эми Бишкек ШИИБнин жетекчиси брифинг учурунда, милициянын ыкчам кызматкерлери Айзаданы табуу үчүн колунан келген бардык аракеттерин кылганын айтты.

8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында зордук-зомбулукка каршы митингдер өтүп, Ички иштер министринин отставкасын талап кылышты. 

Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекованы Бишкек шаарынан 5-апрель күнү таңкы саат 7де ала качышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери белгисиз үч адам Канатбекованы кызыл түстөгү «Хонда» унаасына күч менен отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткенин аныкташкан.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.