Ош шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен аттанган мамкызматкерлердин айрымдары. Коллаж: «Клооп»

31-мартта беш партия «Ата-Журт Кыргызстан» административдик ресурс колдонуп жатат деп билдирди. Бул билдирүүнү текшерүү үчүн жана башка дагы партиялардын шайлоонун жыйынтыгына таасир эте алуу дараметин аныктоо үчүн «Клооптун» журналисттери Ош шаардык кеңешке бараткан талапкерлердин маалыматын анализдеди.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин дээрлик жарымы мамлекеттик кызматкер болуп саналат. Мындан улам аталган партияда административдик ресурсту колдонуп, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Партия өзү жаңы лидерлерди топтодук деп жар салууда. Бирок бул жалган. Жада калса партиянын төрагасы Айбек Маткеримов жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен барган. Аталган партияны президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген. Эми болсо Маткеримов шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышып жатат.

Ошондой эле, биздин анализ «Ата-Журт Кыргызстандын» ар бир үчүнчү талапкери «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары менен байланышы бар экенин көрсөттү. Алардын көпчүлүгү «Биримдиктен» өтүшкөн.

Аталган партиялар өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо админресурс колдонууга, добуштарды сатып алууга жана №2 форма боюнча шайлоочуларды жапырт каттатууга айыпталган. Натыйжада бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

«Биримдик» партиясы менен шайлоого экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков катышкан. «Мекеним Кыргызстан» бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланышта. «Кыргызстан» партиясын болсо «бийликке лоялдуу» деп аташкан.

Президент Садыр Жапаров өзү жана досу Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясы шайлоолорго катышпайт деп убада берген. Бирок «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын де-факто бийликчил деп атап башташты.

Партия өзү Ташиевдин портреттерин жана видеоматериалдарын үгүт кампаниясына колдонуп келет. Ташиевдин уулу болсо Тай-Мурас «Ата-Журт Кыргызстандан» Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышууда. Ошондой эле, партиянын программасынын биринчи бөлүгүндө Конституциялык реформа керектиги айтылат. Ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун демилгечилеринин арасында Жапаров өзү бар.

Авторлору: Айбике Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы

Дата-редактор: Чолпон Узакбаева

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү.

Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.