Материалдын түпнускасы «Настоящее время» басылмасына жарыяланган. Автору Жибек Бегалиева.

27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү Кыргызстанды бир силкинтти. Бешинчи апрель күнү, чаламандын чак түшүндө, Бишкектин чок ортосунда Айзаданы уурдап кетишти: үч эркек күч колдонуп, аны автоунаага салып, белгисиз тарапка айдап качышкан. Эки сутка өткөндөн кийин унаа табылды: анда Айзада менен адам уурдагандардын биринин сөөгү табылган. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, ала качкандардын бири Айзада ага турмушка чыгууга макул болбой койгондо алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өз өмүрүн кыйган.

Айзада Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган: ал чоңойгон көчө Өмүр Көчү деп аталат. Ал апасынын үйүнөн алыс эмес жерде жерге берилди. Айзаданын үй-бүлөсү, туугандары жана достору анын ийгиликтерине сыймыктанышчу: ал Бишкектин эң мыкты делген университеттеринин бирине бюджеттик окууга өткөн, волейбол боюнча студенттик курама менен чогуу бир катар өлкөлөргө барып келген. Балыкчыда жашагандардын ичинен көбү жаш, сулуу жана абдан таланттуу кызды ушундай өкүнүчтүү тагдыр күтөт деп ойлошкон да эмес.

«Айзада өзүнө абдан ишенген кыз болчу. Биз ага дайыма кеңеш сурап, колдоо сурап кайрылчубуз. Арабыздан эң эле тайманбаган кыз эле», — дейт Айзаданын курбусу Аяна Байтемирова. — Жада калса жигити да жок болчу, себеби ал үчүн эң башкысы — апасына жардам берүү эле. Ал жашоону сүйчү, жашаганга шашчу».

Айзаданын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, кызынан башка эч кимиси жок болчу: башка балдары дагы, күйөөсү дагы. Ал тургай үстүндө үйү да жок эле: Айзада иштеп акча таап, апасына үй алып берүүнү кыялданчу. Бирок эне-бала дайыма чогуу жүрүшчү, бири-биринен сыр катышчу эмес.

Назгүл анын кызы карьера тууралуу гана ойлончу дейт: окуп, ага катарлаш иштеп дагы жүрдү. Университеттеги дипломун бир ай мурда алган жана Түркияга барып иштеп келүүгө камынып жүргөн: кийинки жумада Стамбулга учканга билети даяр болчу. Бирок Айзада чет өлкөгө кетем деген максатына жетпей калды: жакында эле бир эркек артынан түшүп алган.

«Кызым “Бир бала аркаман чуркап жүрөт. Жанымды койбой жатат” деп айтып калчу эле. Кыздар менен сейилдөөгө чыкканда, "аркаман аңдып жүрөт" деди. "Оорукчан го, маньяк болуш керек" деди. Экөө телефон менен таанышкан экен, — деди Назгүл Шакенова. — Кокуй, кол алыста, жолотпо дедим. Ал бала "Сен мага жагып жатасың, мен сени жакшы көрөм" дептир».

Бул киши кандайдыр бир жол менен Айзаданын Бишкекте кайда иштегенин, кийин үйүнүн дарегин да билип алганын Айзаданын достору, туугандары айтышты. Ал Бишкекке келип, кыздын артынан аңдып баштаптыр.

«Бир жолу биз сейилдеп жүргөндө, ал аркабыздан машинасы менен аңдып жүрдү. Мен машинага басып келип, эшигин ачтым дагы “Эмне эле бизди аңдып жүрөсүз?” деп сурадым. Ал эч нерсе деп жооп бере алган жок, — деди Аяна Байтемирова. — Бул бир эле жолу болгон эмес. Бирок биз милицияга барган эмеспиз, анткени биз бара турган болсок, бизди келекелеп, силерге балдар көңүл буруп жатышпайбы деп эле кетирип жиберишмек болуш керек».

Айзаданын сары изине чөп салган киши акыры аны ала качып кеткенде, милиция кызматкерлери күлүп, жакындарына «жакында той жейсиңер, бул катардагы эле кыз ала качуу» деп айтышкан. Айзаданын апасы тергөөчүлөр кызынын уурдалышын кылмыш катары кабыл алышпаганын баса белгилейт.

«Алар "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү», — деп Айзаданын апасы Назгүл Шакенова милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүсүн айтып берди.

«Тергөөчү бизге: “Сар-санаа болбогула”, — деп айтты. Андан соң ала качуунун арты той менен бүткөн өзүнүн окуясын, тойдо ичип-жеп, ырдап-бийлегенин айтып баштады. Тергөөчүнүн аты Уларбек болчу, — дейт Бактыгүл Шакенова, Айзада Канатбекованын таежеси. — Эки күн ичинде алар бизге бир дагы жолу телефон чалышкан жок! Өзүбүз кайра-кайра байланышып жаттык. Алар: “Биз иштеп атабыз” деп айтып коюшту».

«Мен да аягында кыйкырдым. “Бүт баарын таап бердик, инстаграмга видеону салдык, телефон номерлерин бердик, уурдап качкандын аты-жөнүн бердик. Анын сүрөтүн Одноклассникиден таап жибердик! Силер аны издейсиңерби?» — деп Бактыгүл Шакенова ыза болду.