Текебаев менен Чотонов акталды. Башкы прокуратура айыптардан баш тартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кыскартты. Алар 2017-жылы орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алууга айыпталышкан.

13-апрелдеги сот отурумунда прокуратура Текебаев жана Чотоновдун күнөөлөрү «далилденбегендиктен» койгон айыптарынан баш тартты. Мунун негизинде Биринчи май райондук сотунун судьясы айыпталуучуларды толугу менен актады. Мындан сырткары саясатчылардын мүлктөрү камактан чыгарылды.

Ошондой эле, судья саясатчылар реабилитациядан өтүүгө укуктуу экенин айтты. Бул деген Текебаев жана Чотонов маяна, пенсия жана «башка укуктарын» калыбына келтире алат дегенди билдирет.

Текебаев соттун өкүмүнөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал мамлекеттен өндүрүп ала турган материалдык компенсациядан баш тартарын билдирди.

«4 млн сом болот экен, андан баш тартам. Айлык жана башка маселелерди көтөрсөк өкмөт төлөп бериши керек экен. Өкмөттө акча тартыш болуп турганда, COVID-19га болгон даярдык начар болгондуктан акча сурасам туура эмес болот», — деди ал.

Ошондой эле Текебаев соттун чыгарган өкүмүнө өтө деле кубанбаганын кошумчалады.

«Менде жана жакындарымда кубануу сезими жок. Жеңилденүү, чарчоо катары кабыл алып жатам. Бүгүнкү чечимге кубана турган бир кишини билем ал — апам. Ал сот отурумундарын унутпай сурап турчу. Апам эртең менен реанимациядан чыкты, бул кабар ага күч кубат, дем берип айыктырат деп ойлойм. Апа баары жакшы болот», — деди саясатчы.

Экс-депутат ошондой эле, азыркы бийликке идеологиялык оппонент бойдон каларын, жакынкы күндө партиянын саясий кеңешин жыйнап, мындан аркы иш пландарын аныктай турганын кошумчалады.

Текебаев менен Чотоновдун иши

Текебаев жана Чотонов

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга кесилишкен. Текебаев ишкер Маевскийге «Мегаком» улуттук операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берээрин убадалап, андан 1 млн доллар алганы айтылган. Ал эми Чотонов бул иште ортомчу болгонуна айыпталган.

Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий буйрук» деп аташкан. Мындан сырткары алар кылмыш иши бир гана Маевскийдин көрсөтмөлөрүндө негизделгенине нааразы болушкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Ал эми 2019-жылы Жогорку сот буга чейинки соттук чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Кийинчерээк алар үй камагына чыгарылган.