Сот Текебаевди үй камагына чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын абактан үй камагына өзгөрттү.

«Өзүңүздөр билесиздер, иш кайра кароого жөнөтүлгөн. Биз бул жолу сот адилеттүү карайт деп ишенебиз. Соттордо жаңы принциптер пайда болушу керек, ошондо сот реформасы жүрөт», — деди Өмүрбек Текебаев.

Анын айтымында, абак мөөнөтүн мыйзамсыз өтөп жаткан бардык «башка туткундар» менен жөнөкөй жарандардын иштери кайра карылышы керек.

Сот Текебаевди үй камагына чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын абактан үй камагына өзгөрттү.Кененирээк: http://bit.ly/2MHVrLu

Posted by Kloop кыргызча on Thursday, August 29, 2019

Буга чейин Жогорку сот мурдагы айып өкүмдөрүн жокко чыгарып, Текебаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн.

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп табышкан. Мунун ордуна Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бермекчи болгон. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ортомчу болгон деп айтылган.

Натыйжада саясатчылар мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий жүйөөлүү» деп аташкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Текебаевдин юристтери менен тарапкерлери бир нече жолу анын ишин кайра карап чыгуу суранычы менен Башкы прокуратура менен Жогорку сотко кайрылышкан. Бирок бул жыйынтык берген эмес. 2019-жылы майда Жогорку сот Текебаевдин мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечимди жокко чыгарган.