Ысык-Көлдөгү унаа кырсыгынан төрт киши каза тапты, дагы экөө ооруканада

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен төрт киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык 12-апрелде саат 23:14тө катталган. Маалыматка ылайык, «Тойота Камри» жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаалар Түп районундагы Михайловка айылынын аймагында кагышкан.

«Натыйжада 3 эркек адам (2002-ж.т. К.А., 2001-ж.т. Т.К., 2001-ж.т. Р.К.) каза болуп, 3 эркек адам (2000-ж.т. Т. уулу Б., 2000-ж.т. А. уулу Ы., 2000-ж.т. Ж.Т.) жабыркаган», — деп берилет ӨКМдин билдирүүсүндө.

Окуя болгон жерге барган Каракол шаардык №15 өрт-куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери маркумдардын денесин милицияга өткөрүп беришти. Ал эми жабыркагандар тез жардам унаасы аркылуу Түп райондук ооруканасына жеткирилген.

Кийинчерээк ооруканада 20 жаштагы Ж.Т. каза болгону белгилүү болду.

Жылдын башында дал ушул трассада ырчы Анжелика Кайратова жол кырсыгына кабылган. Кайратова жана анын кыздары отурган унааны ырчынын курбусу башкарган. Кырсыктын кесепетинен Кайратованын омуртка сөөгү жаракат алып, унаада отурган бир кызынын эки буту сынган.