Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага операция жасалды

Ырчы Анжелика Кайратова Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында 23-январда жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Түп РИИБси «24.kg» басылмасына билдиришти.

«Рулдо 34 жаштагы Асел Ж. [Анжеликанын курбусу — редакция] болгон. Жол кырсыгынан улам ырчы Анжелика жана анын эки кызы жабыркады. Бир кызынын эки буту сынган, экинчиси жеңил жаракат алды. Айдоочунун баары жайында. Жабыркагандарга алгач Түп аймактык ооруканасында жардам көрсөтүлүп, кийинчерек алар Бишкекке которулду», — деп билдиришти Түп РИИБинен.

Ал эми ырчы инстаграм баракчасында аны колдогондорго ыраазычылык билдирди.

Кийинчерек Кайратованын омуртка сөөгү жаракат алганы белгилүү болду. Кырсыктын эртеси күнү Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков ырчыга операция жасады.

Өткөн жылдын июнь айында ырчы Асел Кадырбекованын унаасын тез чара көрүүчү топтун кызматтык унаасы сүзүп, ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Арадан бир ай өтүп Кадырбекова ооруканадан чыгарылган. Ал эми ырчынын үй-бүлөсү аны сүзгөн айдоочуну кечиргенин билдиришип, тосмо арыз жазышкан.