Ош — Ноокат автожолунда «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен «ДАФ-XF95430» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышып, үч киши каза болду, дагы бир киши ооруканага жеткирилген. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

«Жигулинин» ичинде болгондор каракчылыкка шектелип, патрулдук милициянын унаасы кууп баратканда кыршы тилкеге чыгып кырсыкка учураган. Маркумдардын жакындары Ош ШИИБинин кызматкерлери туура эмес маалымат таратканын, адам өмүрү милиционерлер эки тараптан тең кыскандыктан кыйылды деп айтышууда.

Үч адамдын өлүмү боюнча милициянын версиясы

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя 11-апрелге караган түнү саат 01:50дө орун алган.

Милицияга Ош шаарынын Бекбалаев көчөсүндө жашаган тургундун үйүнүн эшигин белгисиз кишилер бузуп киришип, алар үйдүн ээсин дубинка менен ур-токмокко алып, карактап кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, жабырлануучуну жана окуяга күбө болгон анын кошунасын кызматтык унаага салып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо максатында автожолго чыгышкан. Жабырлануучу «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү автоунааны көрүп калып, милицияга кылмышка шектүүлөр ушул унаада экенин айткан.

Милиционерлер жарыктандыруучу маякты жандырып, үн күчөтүүчү жабдык менен сүйлөп, айдоочудан унааны токтотууну талап кылып, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаанын артынан кууган. Бирок шектүүлөр талаптарга баш ийбей, унаанын ылдамдыгын күчөтүп, каршы жол тилкеси менен айдап качууга аракет жасашкан. Натыйжада жолдо келе жаткан оор жүк ташуучу унааны сүзүшкөн.

«ВАЗ-2106» унаасында жалпы төрт киши болгон. Кырсыктан айдоочу жана эки аял каза болгон. Ал эми унааны ичинде бара жаткан дагы бир эркек киши Ош шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Маркумдардын жакындарынын версиясы

13-апрелде Ош шаарында кырсыктан каза болгон айдоочунун жана аялдардын биринин жакындары маалымат жыйын курушту. Алар «маркумдар каракчылык кылган эмес» деп, милициянын аракетине нааразы болушууда.

Айдоочунун иниси Камчыбек Арапбаевдин айтымында, ал кырсык болгондугу тууралуу кабар келери менен окуя болгон жерге барган. Ал барган учурда агасы тирүү болгон, бирок милиционерлер тез жардам чакырууга аракет кылышкан эмес. Ошондой эле, ал жерде милициянын «920» номерлүү унаасы турганын, кийинчерек ал унаа окуя болгон жерден изин жашырганын айтты.

«Милиция менин агамды “каракчылык кылды” деп жалган маалымат берип жатат. Карактаган болсо далил кылып тонолгон үйдүн ээсин алып келишсе керек эле, машинасынан акчалар чыгаар эле [...] Милициянын унаасында эч ким жок болчу. Полковник экен эле, мен айткам “920” ушул жерден кетпесин деп. Бирок кийин качырып ийишти. Кийин издесем мага жооп бере алышкан жок. Бир милиционер мас болчу», — дейт Арапбаев.

Айдоочунун уулу Санжар Осмонов «Тез жардам» кызматы эки жарым сатта келгенин белгиледи. Ал патрулдук милиция эмнеге тез жардамды дароо эле чакырбайт деп нааразы болду.

«Жол Ак-Тилектен Жапалакка жакын болчу, тез жардам эмнеге эки жарым саатта барат. Эмнеге патрулдук милиция тез жардамды дароо чакырбайт! Өлүп калсын дештиби?! Атам тирүү болчу экен, жанынын чыгышы кыйын болуптур, бири-бирине кыйкырып атып өлүшүптүр», — деп кейиди Осмонов.

Ошондой эле, Осмонов «ДАФ-XF95430» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу милициянын кууп баратканын көргөнүн жана алар каршы тилкеге кысканын айтып берди дейт.

«Бизде оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунун видеосу бар, ал “мен баратсам, ПМдин машинасы Ноокатты карап бара жаткан” деди. Анан эле дароо буруп, “Жигулинин” артынан түштү дейт. Кууп келип эле, каршы тилкеге кысып, “КамАЗдын” астына тыгып салышыптыр, эреже боюнча оң жака кысыш керек болчубу!? Ошол жерде Жапалактын аялдамасында отурган балдар да бар экен, “биз көрдүк” деди. Алар да ПМден “эмнеге куудуңар” деп сурашса, сүйлөй албай коюшуптур», — дейт Осмонов.

Каза болгон аялдардын биринин агасы Абсалам Эгембердиев карындашын «кой оозунан чөп албаган» кыз деп эскерди. Ал кырсыктан кийин ооруканага түшкөн кишиден окуя тууралуу сураганын, ал «эч кандай каракчылык болгон эмес» деп айтты дейт.

Эгембердиев ага жеткен маалымат боюнча «Жигулинин» артынан милициянын эки унаасы кууп, эки тарабынан кыскан деди. Ал «милиционерлер адам укугун тебелеп, кызматтык абалы менен пайдаланып жатат» деп нааразы болду.

«Бир адам аман калыптыр, ошол баарын айтып берет. Абалы жакшы эле экен. Үч адамдын өлүмү милиционерлерди эч кандай кабатыр кылбайт экен. Туура эмес маалымат таркатып жатышат. Акты ак, караны кара деп сүйлөсөңөр жакшы болот эле. Органдын адамдары мыйзамды каалагандай бурамаласа боло береби?» — деп кейиди ал.

Күбөлөр эмне дейт?

Социалдык тармактарда кырсык болгон күнү тартылган тасмалар тарап жатат. Анда мамлекеттик номери «920» ИИМдин кызматтык унаасын көрүүгө болот. Кырсык болгон жерге чогулгандар аталган унаанын айдоочусу ким экенин сураштырышкан жана милиционерлерди камоо керектигин айтышкан.

Ошондой эле топтолгондор «Эмне кубалайсыңар эй? Кубалап келип тыгып таштапсыңар го бул жакка» деп милиционерлерге суроо узатышкан.

Милиционерлердин бири «биз кубалаган жокпуз, бизди көргөндө өзү катуу айдып жатат» деп жооп берген.

Ал эми өзүн оор жүк ташуучу унаалардын биринин айдоочусу окуяга күбө болгонун, алгач «Жигули» анын унаасынын астына кирип кете жаздаганын айткан.

«Өйдө кеттиңер. Мен акырын кетип жаткам. Аркы жактан чорт бурдуңар дагы кызыл “Жигулини” үн чыгаруучу жабдыкты күйгүзүп кууп келдиңер. Менин түбүмө кирип кетейин диди го», — деген ал.

Милиционерлердин иш-аракети иликтенет

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаанын ичинен дубинка табылган жана ал далил буюм катарында алынды. Мындан сырткары, милициядан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу суралып, ал өз көрсөтмөсүндө «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасы каршы тилкеге чыгып, кагылышуу болгонун ырастаган деп билдиришти.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Милициядан тергөөнүн жүрүшүндө берене квалифакцияланышы мүмкүн экендигин белгилешти.

Жабырлануучунун денесиндеги жаралардын оордугун жана каза болгон жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар жана аталган автокырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо максатында соттук-автотехникалык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле, Ош ШИИБинин тергөө кызматынын башчысы Алмаз Кадыров маркумдун унаасын бир милициялык унаа кууган деп билдирди. Ал эми экинчи унаа автокырсык боюнча маалымат келип түшкөндөн кийин барганын айтат.

Кадыровдун айтымында, милиция кызматкерлеринин иш-аракети боюнча ички иликтөө жүрүп жатат жана Ош шаардык прокуратура да териштирип, юридикалык баа берет.

Мындан сырткары, Кадыров маркумдун унаасы жана анын өзү каракчылыкка катыштыгы бар экендиги тууралуу далил материалдар бар экендигин кошумчалады. Ал эми каза болгон эки аял жана ооруканада жаткан кишинин каракчылыкка катыштыгы бар-жогу териштирилип жатканын белгиледи.

«Маркумдардын жакындары келишсе жабырлануучунун арызы менен тааныштырууга даярбыз. Каракчылыкта колдонгон дубинка маркумдун унаасынан табылган. Жабырлануучу менен каза болгон айдоочу мурда тааныш болушкан. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн толук маалымат бере албайбыз, бирок шектүүнүн жакындары келип материалдар менен таанышабыз дешсе биз даярбыз», — деди Кадыров.