Өлкөдө коронавирустун 240 жаңы учуру катталды — жалпы 90 839 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 14-апрелде өлкөдө коронавирустун 240 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 15 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 133 (сегиз медкызматкер);

Чүй облусунда — 85 (төрт медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 10 (үч медкызматкер);

Ош облусунда — 5;

Талас облусунда — 4;

Баткен облусунда — 2;

Нарын облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 161 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 118, Чүй облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда сегиз, Ош шаарында жана Ош обусунда төрттөн, Жалал-Абад облусунда үч, Нарын облусунда эки жана Баткен облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 90 839га жетти — алардын ичинде 4 326 медик бар. Оорудан 86 313 бейтап айыгып, 1 534 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 968 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 25и өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 058 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.