Ош: Өспүрүмдү тапанча менен коркутуп карактаган төрт шектүү кармалды

Ош шаарындагы Навои сейил багында 17 жаштагы тургунду карактоого шектелип төрт киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каракчылар жабырлануучуну тапанча жана бычак менен коркутуп, Samsung Galaxy A10s үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан. Ал эми милицияга арыз менен 12-апрелде жабырлануучунун апасы кайрылган.

«Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип Ош шаарынын тургундары — 2003-жылы жана 2002-жылы туулган тургундары менен Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын 2003-жылы туулган жашоочусу кармалган. Аларды тинтүү учурунда белгисиз үлгүдөгү огу жок пневматикалык тапанча, бир даана маки (бычак), “Нокия” үлгүсүндөгү телефон жана 1 миң 500 сом табылган», — деп Оштун милициясынан билдиришти .

Ош ШИИБ бул окуя боюнча «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Кармалгандардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген, ал эми төртүнчү шектүү жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылган.

Жылдын башында Ошто уюлдук телефондорду карактоого шектелип Өзбекстандын төрт жараны кармалган. Тинтүү учурунда аларда бир нече телефон, бүктөмө бычак жана «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча табылган.

Сурак учурунда шектүүлөр күнөөнү моюндап, Өзбекстанга кетүү ойлору болгонун айтышкан. Мындан сырткары алар Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөнү аныкталган.