Өткөн жекшембиде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны алмаштыруу боюнча референдум болуп өттү. Биз протоколдор шайлоо участкасынан Боршайкомго бараткан жолдо оңдолгон жүздөгөн учурду аныктадык.

Бул шайлоого «Клооп» өзүнүн тарыхындагы эң ири байкоочулар тобун жөнөттү. Алардын саны 3000ге жакындады. Биздин байкоочулар барган дээрлик бардык участкаларда УШК мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгы жазылган протоколду сүрөткө тартууга уруксат берген.

Ушул эле протоколдорду Боршайком андан кийин атайын сайтта жайгаштырган. Биздин байкоочулар участкаларда сүрөткө тарткандарын жана БШКнын жарыялагандарын салыштырып көрүп, биз көптөгөн дал келбөөлөрдү таптык.

Азырынча бул кырдаал шайлоонун жыйынтыктарына кантип таасир кыла алганы боюнча так кесе бир тыянакка келүү мүмкүн эмес.

Биз тапкан фактылардын арасында, референдумга катышкандардын санына таасир кыла алган учурлар бар. Мисалы, Бишкек шаарында №1222 участкасында референдумдун катышуучуларынын саны өсүп кеткен — алгачкы протоколдо 514 киши болсо, БШКнын сайтында жайгаштырылган жыйынтыктоочу протоколдо 532 киши болуп калган.

Кай бир жерлерде колдонулбаган бюллетендердин саны боюнча чоң дал келбөөлөр кездешет*.

*Колдонулбаган бюллетендер — шайлоодон кийин ашып калган бюллетендер. Мындай бюллетенди эч ким колдоно албашы үчүн бир бөлүгү кыркылат.

Мисалы, №1240 участкасында баштапкы протоколдо бардыгы болуп 17 бюллетень колдонулбаганы көрсөтүлгөн, бирок жыйынтыктоочу протоколдо алардын саны 1154кө өсүп кеткен.

«Клооп» биздин байкоочуларыбыз аягына чейин толтурулган протоколдорду гана сүрөткө тартканына ынанды — биз мөөр басылган жана АШК мүчөлөрү кол койгон протоколдорду гана эске алдык.

Дагы мисалдар

Бишкектеги №1204 шайлоо участкасында, жергиликтүү кеңештерди шайлоо боюнча байкоочулар берген протоколго ылайык, колдонулбаган бюллетендердин саны — 0, ал эми БШК сайтында жарыяланган протоколго жараша мындай бюллетендер — 1140ды түзгөн.

№1302 участкасында жарактуу бюллетендердин саны 100гө көбөйгөн. БШКнын протоколуна ылайык, участокто мындай бюллетендердин саны 283, бирок баштапкы протоколдо болгону 183.

№1202 участкасында байкоочулардан келип түшкөн протоколго ылайык референдумга катышкандардын 480 жарактуу бюллетени болгон, бирок БШК жарыялаган протоколдо мындай бюллетендердин саны — 490.

№1114 участкасында референдум үчүн добуш берүү үчүн 399 шайлоочу бюллетень алган, ал эми БШК сайтындагы протоколго ылайык 385 адам бюллетень алган.

Бул жерде келтирилген мисалдар — биз тапкандардын аз гана бөлүгү. Протоколдордо дал келбөөлөрдү табуу — өлкөдөн канчалаган шайлоо участоктору болгонун жана канчалаган сүрөттөрдү талдап чыгуу керектигин эске алганда бул чоң жумуш.

Маалыматтар бири бирине дал келбеген протоколдордун баарын «Клооптун» маалымат базасынан көрсө болот. Маалымат дайыма жаңыртылып турат. Алар «Протоколдор» жана «Протоколдордун дал келбөөсү» деген папкаларда сакталган.

Бул эмнени түшүндүрөт?

Ушунчалык көп протоколдун оңдолушу референдум жана жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыктары бурмаланган болушу ыктымал экенин көрсөтөт.

Юрист Фатима Якупбаеванын айтымында, мындай айырмачылыктар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло алат. Ал аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылып, бузуулар катталган участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кыларын билдирди.

«Алар [дал келбестиктер] шайлоонун жыйынтыгы шек жаратпайт деп айтууга мүмкүндүк бербей жатат. Демек, шайлоо процедура боюнча калыс эмес өттү, ошондуктан туура жыйынтык чыгарылышы керек. Андыктан, биздин арыздарыбыз каралып, алар боюнча тийиштүү мыйзамдуу чечимдер чыгарылышы керек деп эсептейбиз» — деди Якупбаева.

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова «Клоопко» берген маегинде протколдор дал келбей жатса, демек алар кайрадан жазылганын айгинелейт деп айтып берди.

«Протоколдор талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар участкадан кеткенден кийин кайра жазылган. Бул одоно мыйзам бузуу. Бул добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана мындай көрүнүштөр катталган участкалардагы жыйынтыкты жокко чыгаруу керек», — деп эсептейт ал.

Анын айтымында, БШК жарыялаган протоколдордон көз боёмочулуктун белгилери көрүнөт.

«Аппарат идентификациялангандардын саны 600 адам деп көрсөтүшү мүмкүн эмес, участокто 600 деп саналса, эмнегедир БШКда 580 же 680 деп көрүнүүдө. Бул бюллетендер бурмаланган дегенди билдирет. Ошондуктан бардык участоктордогу жыйынтыктар жокко чыгышы керек — бул байкоочулар менен БШКнын протоколдорунун ортосунда табылган дал келбестиктерге тиешелүү», — деп белгиледи ал.

Абдрахматова БШК, ИИМ жана Башкы прокуратура курамына коомдук уюмдардын, талапкерлердин жана партиялардын байкоочулары кирген жумушчу топ түзүп, бардык участкалардагы бюллетендерди санап чыгышы керек деп эсептейт.

«Эгерде кайра саноо жүрбөсө, мен ойлойм референдум дагы, жергиликтүү шайлоолор дагы өттү деп эсептөөгө болбойт. Добуш берүүнүн ишеничтүү жыйынтыгын бербей турган манипуляциялар болду», — дейт ал.

Айрым протоколдор жарыяланган жок

«Клооптун» байкоочулары тапкан дал келбестиктер азыркыдан да көп болушу мүмкүн. Бирок азыркы учурда дал келбестиктердин баарын аныктап чыгуу мүмкүн эмес, анткени БШК дагы деле шайлоо жыйынтыктарынын протоколдорунун баарын жарыялап бүтө элек. Абдрахматова мында жарандардын укугу бузулду деп эсептейт.

«Участкаларда шайлоо жыйынтыктары боюнча арызданууга үч күн берилгенин эске алсак, бүгүн арыздануу үчүн акыркы күн. БШК өз сайтында протоколдорду жайгаштырбай жатканы жарандардын шайлоо укугун тебелейт деп эсептейм. [...] Бул мыйзам бузуу биздин арыздануу укугубузду бузат жана дагы деле манипуляцияларга жол берилгенин көрсөтөт. Керектүү жыйынтык чыксын деп маалыматтар бурмаланып жатат», — деди ал.

Абдрахматованын айтымында, фальсификацияга жол бербөө керек деген жарандар тез арада АШКларга кайрылып, добуштарды кайра саноону талап кылышы керек.

12-апрелде «Реформа» партиясынын башчысы Клара Сооронкулова БШК добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорду сайтына жайгаштырбай, кечиктирип жатканына даттанган. Ал «мындай кырдаал фальсификация болушу ыктымал деген жүйөлүү ойго жетелейт» деп билдирген.

13-апрелде БШК берген маалыматка караганда, протоколдорду жарыялоодон мурун аларды «Референдум жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга шайкеш келер-келбесин текшерүү керек. Алар кечигүү менен болсо да, жарыяланууда.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлгөндүктөн, ошондой эле эки шайлоо кампаниясы жүргүзүлгөнүн эске алуу менен ар бир участка боюнча протоколдун туура толтурулуп-толтурулбаганын текшерүү үчүн белгилүү убакыт талап кылат», — деп комиссиядан кечигүүнү түшүндүрүшкөн.

БШКнын маалыматына караганда, 12-апрелде алар добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдордун сканерден өткөрүлгөн версияларынын 50% жарыялашкан. БШК азырынча протоколдор сайтка толугу менен жайгаштырылбаганын 14-апрель күнү «Клоопко» билдирген — алар келип түшкөнүнө жараша жайгаштырылып жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, референдумга келген жарандар жалпы шайлоочулардын 37,1%ын түздү. Жаңы Конституцияга «макул» болгондор 79%дан бир аз көбүрөөк, «каршы» болгондор дээрлик 14% түзгөн.