БШК шайлоонун бардык протоколдору эмнеге жарыяланбай жатканын түшүндүрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум боюнча добуш берүүнүн протоколдорун эмне себептен толугу менен жарыялабай жатканын түшүндүрдү.

БШКнын маалыматына караганда, протоколдорду жарыялоодон мурун аларды «Референдум жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга шайкеш келер-келбесин текшерүү керек.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлгөндүктөн, ошондой эле эки шайлоо кампаниясы жүргүзүлгөнүн эске алуу менен ар бир участка боюнча протоколдун туура толтурулуп-толтурулбаганын текшерүү үчүн белгилүү убакыт талап кылат», — деп комиссиядан түшүндүрүштү.

Боршайком 12-апрелде сканерден өткөрүлгөн шайлоо протоколдорунун 50 %нан көбү жарыяланганын кошумчалады.

Буга чейин «Реформа» партиясынын жетекчиси Сооронкулова протоколдордун жарыяланбай жатканын айтып чыккан. Сооронкулова БШКнын бул кыймыл-аракеттери «фальсификация болушу ыктымал деген жүйөлүү ойго жетелейт» деп билдирген.

БШКнын алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Конституцияны өзгөртүү боюнча болуп өткөн референдумга шайлоочулардын 37,4%ы катышкан. Ал эми өлкөнүн жаңы негизги мыйзамын шайлоочулардын 79,24%ы колдосо, 13,66%ы каршы добуш берген.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өттү. «Клооптун» байкоочулары шайлоо күнү участкаларда бузууларды каттап жатышты.

Бузууларга байланышкан дашборддун маалыматына ылайык, шайлоо күнү байкоочулар участкалардан 800дөн ашык бузууларды каттаган. Анын ичинде 300 мыйзам бузуу добуш берүү учурунда болгон. Өзгөчө шайлоо участкаларында Автоматташтырылган электрондук урна иштебей калган учурлар көп болгон.

Дагы окуңуз: Шайлоо-2021: «Клооптун» байкоочулары участкаларда кандай мыйзам бузууларды каттап жатышат?