Үч партия шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча арыз жазышты

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Реформа», «Кыргызстандын социал-демократтары» жана «Ыйман Нуру» партиялары Бишкек АШКсына арыз беришкенин маалымдашты.

Партиялар берген арыздарында 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына макул эместигин билдиришти. Алар шайлоо учурунда жол берилген көптөгөн мыйзам бузууларды, мыйзам бузуулар болгон участкалардын номерлерин да көрсөтүштү.

Нааразылардын каршылыгы

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өткөн. Бишкек шаардык кеңешинин 45 мандатына 25 партия ат салышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамда көрсөтүлгөн 7%дык босогону 6 партия аша алган.

Мындай жыйынтык Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган партиялардын купулуна толгон жок. Жыйынтыктар жарыяланар замат бир нече саясий бирикме шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришкен.

11-апрель күнү кечинде партиялар менен алардын тарапташтары БШК имаратынын алдына митинг уюштурушкан. Митинг жүрүшүндө партиялардын өкүлдөрү өздөрү күбө болгон бүт бардык мыйзам бузууларды каттап, топтоп, аларды БШКга карап чыгуу үчүн жиберүү чечимин чыгарышкан.

Кийинчерээк «Бүтүн Кыргызстан», «Тынчтык», Жашылдар партиясы, Коммунисттер партиясы, Социалисттик партия, «Улутман», «Улуу Журт» президентке, БШКга жана Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошкон.

Ош шаардык кеңешине талапкер болгон «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партиялары шаарда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын айтышты.

Партиялар шайлоо «ыплас» өткөнүнө, буга тиешелүү органдар чара көрбөгөнүнө нааразы болушууда. Партиялар негизинен «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «админресурс колдонгонуна, добуш сатып алганына жана мыйзамсыз иштерге барганына» даттанышты.

12 -апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында митинг болуп, анын катышуучулары Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышкан. Митингчилердин айтымында, 11-апрелед өткөн шайлоодо добуш сатып алуу жана админресурсту колдонуу сыяктуу мыйзам бузууларга жол берилген.

БШК имаратынын алдында тынчтык митингдери 13-14-апрелде да өткөн.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев 14-апрелде нааразычылык акциясынын айрым катышуучулары ачкачылыкты баштаганын билдирген. Анын айтымында бул акция 3 күнгө созулат, анын максаты — буга чейин 8 партия тарабынан бийликке жолдонгон кайрылууга жооп алуу.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Алдын-ала жыйынтыкка караганда, борбор калаанын кеңешине 6 партия өтөт — «Эмгек» (14,1%), «Ак-Бата» (12,4%), НДПК (10,8%), «Ата-Журт Кыргызстан» (9,7%), «Ынтымак» (8,4%) жана «Биздин эл» (7,9%). Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан.

Ошондой эле, алдын ала жыйынтыкка караганда, 11-апрелде өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга катышуучулардын 79,3%ы макул, ал эми 13,6%ы каршы добуш берген. Референдумга жалпы добуш берүүчүлөрдүн 35,9%ы келген.

Жергиликтүү кеңеш менен бир күндө өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда ар башка уюмдардын байкоочулары мыйзам бузууларды катташкан. Мисалы, «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары 11-апрелде Бишкекте 65, Ошто 36 мыйзам бузууну каттаган.

«Клооптун» байкоочулары да добуш берүү күнү шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуунун баарын каттоого алып жатышты. Реалдуу убакта жаңыланып турган дашборддун маалыматына ылайык, добуш берүү күнү байкоочулар 800дөн ашуун бузууну катташкан. Алардын ичинен 300 бузуу добуш берүүнүн жүрүшүндө болгон. Өзгөчө участкаларда АСУ бузулуп калган учурлар көп катталган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелде өткөн брифинг учурунда добуш сатып алуулар далилденсе талапкерлерди же партияларды каттоодон алып салуу маселеси караларын билдирген.