Бишкекте милиция ачкачылык жарыялагандардын чатырын тартып алды

Бишкекте 11-апрелде шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 8 партиянын өкүлдөрү ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу «Кыргызстандын коммунисттер партиясынын» өкүлү Амантур Манапбаев журналисттерге билдирди.

Бүгүн, 14-апрелде, Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиянын өкүлдөрү нааразычылык акциясына чыгышты.

Алгач алар БШКнын алдына чатыр тигүүгө аракет кылышты, бирок милиция кызматкерлери Свердлов райондук акимиаты ага уруксат бербегенин жана аталган райондун соту тыюу салганын айтып, чатырды күч менен тартып алышты. Жыйынтыгында нааразычылыкка чыккандарга протокол түзүлүп, 3 миң сом айып салынды.

Анткен менен Амантур Манапбаев алар ачкачылык акциясын токтотпой турганын айтты.

«Бүгүнтөн баштап 3 күн ачкачылык акциясын баштадык, бийлик канааттандырарлык жооп бербесе, биз башка жарандарды дагы чакырабыз», — деди ал.

Манапбаев алгач шайлоонун жыйынтыктарына 10 партия нааразы болуп чыкканын, бирок кийин «Социал демократтар» менен «Реформа» кетип калганын кошумчалады.

11-апрелде Бишкек шаардык кеңешке шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыктар чыга баштагандан кийин бир нече партиялар нааразычылык билдиришкен.

Түндө БШКнын алдына чогулган партия өкүлдөрү шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн — шайлоочуларды сатып алуу болгонун айтып, жыйынтыктарды жокко чыгарууну талап кылышкан.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү — «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл».

Бишкек

Шайлоо күнү «Клооптун» байкоочулары көз салган. Биздин байкоочулардын берген арыздарынын негизинде Бишкектеги №1023 жана №1053 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Ал эми байкоочулар жалпы республика боюнча 800дөн ашык мыйзам бузууларды каттаган.