Уу коргошундун буусунан «Кактустун» операторунун абалы начарлап, тез жардам чакыртылды

16-апрелдеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин басма сөз жыйынында Kaktus.media басылмасынын операторунун саламаттыгы начарлаганы кабарланды. Басма сөз жыйында министр уу коргошундун тамырын кайнаткан.

Саламаттык сактоо министри тамырды кайната баштаганда бир нече оператор видеого тартуу үчүн жакын келишкен. Kaktus.media басылмасынын операторунун айтымында, буу чыга баштаганда эле башы айланып, абалы начарлай баштаган.

Редакцияга кайтып келгенден кийин абалы оорлошуп, башы ооруп, жүрөгү айланып, окшуганга чейин жеткен. Ошондой эле, басма сөз жыйынга катышып, буудан дем алган дагы бир журналисттин абалы начарлаганы кабарлаган*.

«Кактус» тез жардамга кайрылган учурда ууланууда колдонулуучу сунуштарды айтылган. Басылма белгилегендей, оператор уу тамырдан улам өзүн жаман сезгенин уккандан кийин тез жардам кызматкерлери тынчсызданып, абалы начарласа токтоосуз медициналык жардам алууну кеңеш кылышкан.

Маалымат жыйынга катышкан дагы бир журналисттин абалы начарлаганын да белгилейбиз.

*«Ысык-Көл тамырына» уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындай абал 2-4 саатка чейин уланышы мүмкүн. 3,0-6,0 мг дозаны ичкен адам өлүп калышы да ыктымал.

Уу коргошун боюнча басма сөз жыйыны

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги басма сөз жыйынында түз эфирде уу коргошундун коопсуз экенин далилдөөгө аракет кылып, анын кайнатмасын ичип алган. Анын айтымында, президентке уу коргошундан (акониттен) дары жасоону анын атасы Нуркожо Мустали уулу үйрөткөн.

«Ысытып туруп ичиш керек. Үйдө чай ичкендей эле, сүйлөшкөнчө эле иче бериш керек», — деп Бейшеналиев уу коргошундан жасалган суюктукту ичип жатып айтты. Министр бул уулуу чөптөн жасалган кайнатманы бейтаптарга бериш үчүн бардык ооруканаларда «тефаль» (электр чайнек) коюлду деп мактанган.

«Ысык-Көл тамырынын дозасын аныктаган жападан-жалгыз адам учурда — бул президент. Мен да карап аныктай албайм, ошондуктан ар бир тамырдын жакшы жана ман жактары бар», — деп министр басма сөз жыйынында айтты.

Жапаров 2020-жылдын апрель айында абакта отуруп, «уу коргошунду» коронавируска каршы колдонуу керектигин ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго сунуштаган. Бирок Жээнбеков анын сунушун колдоого алган эмес. Бейшеналиевдин айтымында, ошол эле жылдын июль айында Жапаров ага кайрылып, короновирустан ушул өсүмдүктүн жардамы менен айыкканын айтып берген. Ал кезде учурдагы президент түрмөдө жазасын өткөрүп жаткан — ал Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмил Каптагаевди барымтага алуу жана бийликти күч менен басып алуу иши боюнча соттолгон.

Бейшеналиев уу коргошунду оорулардын көптөгөн түрүнө — ашказан рагы, бронхит, ал түгүл ревматизмге да даба деди. Мында министр Садыр Жапаровдун атасынын жана кыргыз элинин ата-бабаларынын миң жылдык тажрыйбасына таянган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «уу коргошун» коронавирустан айыктыра турганын билдирген.

Саламаттык сактоо министри мамлекет башчысын колдоп, уу коргошун «коронавирустун экинчи толкунунда» колдонулган деп айтты — ал 2020-жылдын күз мезгилин айткысы келгендир. 2020-жылдын октябрь айында Садыр Жапаров премьер-министр болгондон кийин, коронавирустан ушул ыкма менен айыкканын билдирген болчу. Анын айтымында, абакта отурган кезинде эле жугуштуу оорудан кандайдыр бир дары менен дарыланып, айыккан. Ал айткандай, илгери анын ата-бабалары ашказан рагынан да дал ушундай ыкма менен дарыланышчу.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүрдү — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес. Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова «министр бешинчи протоколго [коронавирусту дарылоонун] эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат», ал эл арасында «ит өлүм» деп аталат деп билдирген

«Ысык-Көл тамыры» же «уу коргошун» медицинада «Жунгар аконити» деп аталат. Аконит уулуу өсүмдүктөрдүн катарына киргени менен салттуу медицинада колдонулат. Анткен менен «уу коргошундан» жасалган суюктукту ичип каза болгондор да жок эмес.