Жапаров коронавирустан «уу коргошун» айыктырарын айтты. Эксперттер аны колдонбоого чакырды

Жапаров 15-апрелде Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын «кызыл зонасына» баргандан кийин социалдык баракчалары аркылуу билдирүү жасады. Анда өлкө башчысы «коронавирусту айыктырчу дары табылганын» белгиледи. Ал дары кантип жасалып жатканын көрсөткөн тасма да жүктөдү. Анда дары «уу коргошун» деп аталганын көрүүгө болот.

«Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр. Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты», — деп жазган Жапаров.

Жапаров айткан дары Ысык-Көлдө өскөн «уу коргошун» деп аталган чөптөн жасалышы ыктымал. Дары суюктук түрүндө жасалып, бөтөлкөлөргө куюлганын көрүүгө болот. Анын сыртында дарыны муздак ичүүгө каттуу тыюу салынары көрсөтүлгөн — антпесе өлүмгө алып келиши мүмкүн деп жазылган.

«Коронавируска, ашказандын рак оорусуна, пневмонияга [...] дарылык касиети зор. Суу экен деп ичип албаш үчүн балдар [жетпей турган жерде] сактоо керек. Дарыгердин көрсөтмөсү менен ичиш керек», — деп жазылган бөтөлкөнүн сыртында.

Дары жасалып атканы тартылган тасмадан белгисиз кишилерди көрүүгө болот. Алар санитардык талаптарды сактабастан эле, беткапсыз жана атайын формасыз суюктук куюлчу бөтөлкөлөрдү колуна кармап, кийин аны куюп атканы көрүнөт.

«Жунгар аконити»

*«Ысык-Көл тамыры» же «уу коргошун» медицинада «Жунгар аконити» деп аталат. Аконит уулуу өсүмдүктөрдүн катарына киргени менен салттуу медицинада колдонулат. Анткен менен «уу коргошундан» жасалган суюктукту ичип каза болгондор да жок эмес.

Медиктер бейтаптарды «Ысык-Көл» тамыры менен дарылап баштады

Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «24.kg» басылмасына курган маегинде медициналык кызматкерлер бейтаптарды «уу коргошун» менен дарылап жатканын билдирди. Анын айтымында, «Ысык-Көл» же уу коргошун чөбүнүн тамырын ичкен бейтаптардын ПЦР-анализдери «эки-үч күндө» терс жыйынтык көрсөтүп жатат.

«[Коронавирустун] үчүнчү толкуну келе жатат, шайлоодон кийин көптөгөн адам ооруп баштады. Аларды жоготуп албоо үчүн мындай кадамга бардык. Экинчи толкунда да “Ысык-Көл тамыры” менен дарылаганбыз, бирок айткан жокпуз», — деди Бейшеналиев.

Бейшеналиев «уу коргошун» менен дарылоо Жапаровдун демилгеси болгонун билдирди. Министр Жапаров колонияда отуруп, «уу коргошун» менен миңдеген кишилерди дарылагынын кошумчалады.

«Ал колониядагы миңдеген оорулууларды айыктыргандан кийин мага да сунуштады. Мен өзүмдүн тааныштарымды дарылагам, анда министр эмес болчум. Бардык тааныштарым айыкты, эч ким каза болгон жок», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр «Ысык-Көл тамыры» коронавирусту дарылоонун төртүнчү протоколунда көрсөтүлбөгөнүн айтып, аны бешинчи протоколго киргизүү сунушталышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Эксперттер президент менен министрдин маалыматын төгүндөдү

Назира Артыкова

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова «Кактус» басылмасына Жапаров тараткан маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди. Артыкованын айтымында, коронавирусту «уу коргошун» менен айыктыруу мүмкүн эмес.

«Мындай болушу мүмкүн эмес, баарын илимий далилдөө керек», — деди Артыкова.

Ал эми далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова «Ысык-Көл тамыры» менен даарылануу өтө кооптуу болгонун билдирди.

«Бул өтө уулуу өсүмдүк. Бул жөн гана кооптуу эмес, ал өлүмгө алып келиши мүмкүн. Садыр Жапаров кытайлык [Sinopharm] вакцинадан баш тартканда мен аны коргогонмун, бул анын укугу. Бирок өлүмгө алып келүүчү уулуу затты колдонууга чакыруу бул акылга сыйбайт», — деди Барыктабасова.

Ошондой эле, эксперт бул көрүнүштү Кыргызстандагы медицина жана илимдин кулашы катары сыпаттады. Барыктабасова саламаттык сактоо системасын бул көрүнүшкө бөгөт коюуга чакырды.

«Кайталап коёюн: аконит — бул уулуу өсүмдүк. Ал башка уулуу өсүмдүктөрдүн арасында да аз изилденген. Андан алысыраак болуу керек, муну адамдар түшүшөт [...] Аконитти колдонуу — өтө тез өлүмгө алып келет же анын кесепеттери да азаптуу. Уу организмдин ууланышына алып келет, бөйрөктөр жана боор иштебей калгыдай жаракат алат. Организм уулануудан өлөт», — деп жыйынтыктады эксперт.

Жапаровдун дарысы

Садыр Жапаров 2020-жылдын апрель айында абакта отурганда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдогон. Анда Жапаров «оорулардан сактаныш үчүн» бир дары колдонуп жүргөнүн жазган, бирок анын аталышын ачыктаган эмес.

Кечээ Садыр Жапаров Коронавирусту кантип айыктырсак болот деп сунуштаганы боюнча Президентке кайрылуу жазып чыгарсам,...

Опубликовано Шарабидином Токтосуновым Воскресенье, 12 июля 2020 г.

«Бул дарыны илгертен бери атам менен энем колдонушчу эле. Бала кезибизде ооруп калсак дароо ушул дарыны берип, эки-үч күндө эле сакайып алышчу. Сасык тумоонун бардык түрлөрүнө жана өтүшүп кеткен ар кандай оор дарттарга да дабасы бар», — деп жазган Жапаров.

Ошол эле учурда Жапаров бул дары «өтө коркунучтуу» болгонун жана бейтаптар аны туура эмес колдонушса «мерт кетээрин» эскерткен.