2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуулар иши боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде тергөө кайрадан башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
УКМКдан белгилешкендей, иш 15-апрелде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жандантылган. Мамкомитеттен түшүндүрүшкөндөй, текшерүү *Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөт. УКМКнын маалыматы боюнча, Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши 2010-жылдын май-июнь айларында улуттар аралык жаңжалдын чыгышына себептердин бири болгон.
*Кадыржан Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун мурдагы лидери катары белгилүү болгон. Ал 62 жашында Украинанын Одесса облусунда дүйнө салды. 2016-жылы ал Кыргызстандан кеткен.
Кыргызстан бийлиги 2010-жылы Батыровду кыргыз-өзбек улуттар аралык араздашууну козуткандардын бири деп күнөөлөгөн. Кийинчерээк, Батыров «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткан» деп айыпталып, ага карата мүлкү конфискациялансын, өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүм чыккан.
Тема боюнча: Кадыржан Батыров Одессада дүйнө салды. Кыргызстандын бийлиги аны 2010-жылдагы башаламандыкты уюштурууга айыптаган
«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деп УКМКдан билдиришти.
Муну менен бирге, «кайгылуу окуялардын алдын алуу» үчүн тийиштүү чара көрбөгөн облустук деңгээлдеги кызмат адамдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин иш-аракеттерине да баа берилет.
2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу
2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.
Июнь коогалаңын иликтеген Ким Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.
«Бул окуялардын жүрүшүндө миңдеген адамдар жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги 1900 адамга ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлдү деп айтышкан. Бирок жабыркагандардын саны мындан бир топко көп болушу мүмкүн. Ооруканалардагы айрым медициналык жардам көрсөтүүлөр катталган эмес», — деп айтылат комиссиянын отчётунда.
Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап жана бир жактуу» деп атап, ал эми парламент депутаттары комиссиянын башчысы Киммо Кильюненди «персона нон-грата» деп таанып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган.
2011-жылдын май айында парламенттин отурумунда депутаттар эл аралык комиссиянын отчётуна баа берип, баяндама Кыргызстанда да, «эл аралык укукта» да «юридикалык күчкө ээ эмес» деген токтомду чыгарышкан. Бул чечимди парламенттин 95 депутаты колдогон.
Кильюнен «Клоопко» курган маегинде, «бул мени абдан өкүндүрдү» деп айткан.
«Биздин комиссия өлкөдөгү кырдаал жана эки элди жараштыруу боюнча жакшы, объективдүү анализ жүргүзүүгө аракет кылды. Биз ишибизден майнап чыксын, элге жардам берсин деп каалаганбыз, бул биздин максат болчу», — деп билдирген Кильюнен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд доллар деп бааланган.
Улуттар аралык жаңжалдын себептерин изилдеген Улуттук комиссиянын отчётунда коогалаңдын чыгышына ошол кездеги президент Аскар Акаев да, Курман Бакиев да «улуттук мамилелер жаатында алгылыктуу иш» жүргүзбөй койгону бирден бир себеп болгон деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, 2010-жылдагы 7-апрель революциясынан кийин Кыргызстанда бийлик үчүн күрөш «өзбек коомчулугунун экстремисттик көз карашта болгон жолбашчылары тарабынан бийликке келүү жана диаспоранын саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эң жагымдуу шарт катары кабыл алынган» деп отчётто көрсөтүлгөн.
Отчёттун авторлорунун версиясы боюнча, өзбек диаспорасынын жолбашчылары «бул багытта атайын иш-чараларды жүргүзүп, өлкөнүн түштүгүндө митингдерге көп санда адамдарды чогултушкан».
«Кийинчерээк, бул аракеттер Жалал-Абад облусунда, Ош шаарында, Ош облусунда алдын ала уюштурулган, массалык мүнөзгө ээ болгондуктан улуттар аралык кагылышууларга айланган. Мында Курманбек Бакиевдин кланы, криминалитет, наркобизнес, диний экстремизм жана тышкы күчтөр агрессивдүү роль ойногон. Алардын баарына түзүлгөн кырдаалды өз пайдасына колдонуу, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда абалды туруксуздаштыруу керек болгон», — деп отчётто айтылган.