Жапаров УКМКга 2010-жылдын июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды

2-апрелде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. Анда өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар набыт болуп, миңдеген адамдар жаракат алган. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

«Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин июнь окуялары кайрадан иликтениши керек деген пикирин 2010-жылы убактылуу өкмөттү башкарып турган экс-президент Роза Отунбаева айтып чыккан.

Анын айтымында, июнь окуялары атайылап уюштурулган, көп күчтөрдүн ага кызыкчылыгы бар болчу — өзгөчө наркотрафик, криминалдык күчтөрдүн кызыкчылыктары ал жерде зор болчу.

Башкы прокуратуранын 2020-жылга карата маалыматына караганда, өлкө түштүгүндөгү этникалык кагылышуудан 10 жыл өткөндөн кийин 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Бирок болгону 360 иштин бети ачылып, 4 миңге жакын кылмыш иштери токтотулган.

Этникалык кагылышуу

10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.

«Бул окуялардын жүрүшүндө миңдеген адамдар жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги 1900 адамга ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлдү деп айтышкан. Бирок жабыркагандардын саны мындан бир топко көп болушу мүмкүн. Ооруканалардагы айрым медициналык жардам көрсөтүүлөр катталган эмес», — деп айтылат комиссиянын отчетунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.