Депутат Мирлан Жээнчороев 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында башпрокурор Курманкул Зулушевден Бакиевдерди Беларустан экстрадициялоо аракеттерин токтотпоону суранды. Зулушев көзөмөл органы бул багытта иштеп жатканын билдирди.
«Бакиев, Максим менен Жанышты адилеттүү кыргыздын сотуна алып келүү боюнча иш-аракеттерди токтотпош керек. Аянтыбызда 80ге жакын каны төгүлгөн жарандарыбызды унутпашыбыз керек. Саясий күрөштө биз алардын берген курмандыгын унутпашыбыз керек. [...] Бакиевдердин мүлкү аягында эмне болгонун ачык айтыш керек», — деди Жээнчороев.
Башкы прокурордун айтымында, көзөмөл органында Бакиевдерди экстрадициялоо маселелери боюнча иш жүргүзгөн эл аралык бөлүм иштөөдө.
«Беларус Бакиевдерди өткөрүп берүүдөн баш тарткандыгы, токтомду аткаруудан баш тарткандыгы белгилүү. Мунун баары конвенциялар менен чечилет, өзүңүз билесиз. Ар бир өлкөнүн өз эрки экен, берет-бербейт деген. Прокуратура каражаттарды кайтаруу боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатат», — деди Зулушев.
Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси
Кыргыз бийлиги Бакиевдерди өлкөгө алып келүүгө аракет кылып жатканына бир топ жыл болду. Бакиевдердин экстрадициясы жөнүндө маселе акыркы жолу парламентте үстүбүздөгү жылдын февраль айында көтөрүлгөн.
Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйында октябрь окуяларынан кийин Башкы прокуратура экс-президент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча Минскке жаңы өтүнмө жөнөтпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал баш прокурорлук кызматка келгенге чейин Беларуска жетишерлик сурам жөнөтүлгөн.
«Мен Башкы прокурорлук кызматка келгенге чейинки суроо-талаптар жетишерлик жиберилген. Ал боюнча биздин эл аралык бөлүмүбүз иштерди улантып жатат. Мен иштеп жаткан үч айдын ичинде негиз болбоду, анткени мурда жөнөтүлгөн суроо-талаптардын көбүнө биз жооп ала элекпиз», — деп айткан Курманкул Зулушев.
Бакиевдердин кланы
Курманбек Бакиев 11 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.
Сот 2013-жылы Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.
Бозгун президенттин улуу баласы Марат Бакиев ал убакта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Ал дагы сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот өкүмдөрдү күчүндө калтырган.
Бозгун президенттин дагы бир уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин финансылык көз боёмочулукка айыпталган. Биринчи май райондук соту ага карата мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.
Мындан тышкары, Бакиевдер президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.
Беларуста Бакиевдер кланынын мүчөлөрү байлар жашаган райондордо жашап, ири бизнестерге аралашып келишет. Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Британиянын Суррей болуштугунда хан сарайга ээлик кылат.