Москвада жашаган жүздөгөн кыргызстандыктар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чыгарган чечимине нааразылыгын билдиришип, комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылышты.
Мигранттардын чогулушун «Мен макул эмесмин» жана «Укугум бар» кыймылдары уюштурду.
«Мен макул эмесмин» кыймылынын мүчөсү, иш-чараны уюштургандардын бири Орозайым Нарматованын айтымында, чечимдер элдин оюн эске албай туруп чыгарылууда.
«Кыргызстандын жери УКМКнын менчиги эмес. Алар элдин, Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү жок өз алдынча чечүүгө укугу жок. Бүгүнкү чогулуш “УКМКнын жетекчиси кызматын өз ыктыяры менен тапшырып берсин” деген талап менен өтүп жатат. Иш-чараны каршылык акциясы десек туура болот», — деп Нарматова билдирди.
УКМК мигранттардын билдирүүлөрүнө комментарий берген жок.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча кыргыз делегациясы менен бирге 23-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарына учуп кетишкен.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин 26-мартта маалымат жыйында билдирген. Ташиевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкө ортосунда талашкан жер тилкелери калган эмес.
«Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болуп келген жерлер: Көк-Серек айылы 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Бука районундагы Баястан тилкесинде 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Таш тилкесинде 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар — Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды. Кара-Белес тилкесинен 25 гектар жер бизге кайра жазылды. Кара-Белес буга чейин Өзбекстанга берилген, эми аны кайтардык», — деди Ташиев.
Өзбекстан менен макулдашууга ылайык Кыргызстанга өткөн жерлер:
- Көк-Серек айылында 105 гектар жер;
- Баястан тилкесинде 212 гектар;
- Ак-Таш тилкесинде 100 гектар;
- Кара-Белес тилкесинен 25 гектар жер — ал буга чейин Өзбекстанга берилген, эми кайра кайтарылды;
- Үңкүр-Тоодон 35 гектар.
Мунун ордуна Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Өзбекстанга өткөрүлгөн. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Кыргызстан Орто-Токойдогу 5% сууну колдонууга уруксат алган.
Айрым чечимдер — мисалы, Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстанда Анжыян суу сактагычы деп аталат) плотинасы толугу менен өзбек тарапка өтүшү чек арага жанаша жашаган райондордун тургундарын нааразы кылган, бирок суу ресурстарын тараптар биргеликте колдонот.
16-апрелден тарта Кемпир-Абад суу сактагычынын кыргыз тарабында жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы өткөн — 100гө чукул адам боз үй тигип, Ташиев келип жолугушсун деген талабын айтышкан.
19-апрелде Ташиев аларга жолугуп Ташкентке дагы бир жолу барып, жер алмашуунун шарттарын өзгөртүүнү убада кылды.
«Мына бул вышка турган жерлер да биздики. Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтып көрөйүн. Буларга 20 гектар плотинанын коопсуздугу үчүн керек. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? “20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла” дейин. Бул үчүн тигил жакка барып, сүйлөшүп, жалпы протокол бузулуп кетпешин аракет кылайын. Бул 20 гектардын ордуна башка жерден алабыз. Тосулган жер алмашат. Мен ушуга аракет кылайын. Калганын анан Алла талаанын буйруганын көрөбүз», — деп айткан УКМКнын башчысы.