Баткен: «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында чыккан чырдын чоо-жайы

Баткен районундагы Аксай айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында эки күн мурун чыр чыккан. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр 19-апрелде уланат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу чек ара кызматы 17-апрелде билдиргендей, Баткен облустук суу чарба ишканасынын кызматкерлери Ак-Суу дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайында оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүп жаткан.

Көп өтпөй ал жерге Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын 50гө чукул тургуну чогулуп, иш-чараларды токтотууну жана жумушту биргеликте жасоону талап кылышкан. Кайым айтышуунун натыйжасында Тажикстандын жарандары суу чарба ишканасынын кызматкерлерине таш ыргытышкан.

Бирок өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова окуя таш ыргытуу менен коштолду деген маалыматты төгүндөдү.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Массалык чыр чатакка жол берилген эмес.

Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгы расмий маалымат таратты жана буга далилдүү видеолор бар экенин билдирди», — деди Бердикулова.

Окуядан кийин эки өлкөнүн күч органдары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлүп, сүйлөшүүлөрдүн найтыжасында «Головнойдогу» иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Ак-Суу дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайы кыргыз чек арачыларынын жана милициянын көзөмөлүндө.

«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат. 2014-жылы сууну бөлүштүрүүдө эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ок атышуу менен коштолгон. Мындан улам суу сактагыч Кыргызстандын ИИМи тарабынан кайтарууга алынган.

Мариповдун билдирүүсү

Төрткүл суу сактагычы

Премьер-министр Улукбек Марипов 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин билдирген. Бул билдирүү жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жараткан. Ал эми Баткен облусунун тургундары Мариповдун айткандары боюнча расмий түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.

Анын эртеси күнү, 4-февралда, өкмөт аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү Төрткүл суу сактагычына кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү болгонун билдирген.

Анткен менен 5-февралда 100дөгөн киши өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Марипов жаңылышып алганын мойнуна алып, кечирим сурашын талап кылышкан.

Ал эми премьер-министр 7-февралдагы кайрылуусунда Тажикстанга «Головной» каналы эмес «500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү» Кайырма каналы тууралуу сөз кылганмын деп тактоо киргизди.

Бирок 8-февралда өкмөт үйүнүн алдында Мариповдун кайрылуусу боюнча митинг өттү. «Чек араны көзөмөлдөө» бирикмесинин активисттери Мариповдун акыркы билдирүүсү «жетишсиз» болгонун айтышып, кечирим суроосун талап кылышкан.

Ошондой эле Тажикстандын ТИМи кыргыз саясатчыларына кайрылып, тастыкталбаган маалыматарды жайылтпаш үчүн тажик-кыргыз чек аралары тууралуу билдирүү жасаганда «этият болууга» чакырган.

Кийинчерээк өкмөт Төрткүл суу сактагычын «маанилүү стратегиялык объектилер» категориясынан «өтө маанилүү стратегиялык объектилердин» тизмесине киргизүү маселеси каралып жатканын билдирген.