Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушууга митингдерде «чагымчылдык кылган» аял катышты

Сүрөттөр соцтармактардан алынды. Коллаж: Kloop

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 19-апрелде Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуусуна жергиликтүүлөрдөн сырткары бир нече аял келди. Алардын арасында «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин төрайымы Марипа Алыйкулова да жүрдү.

Алыйкулова уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын урматына өткөн митингде чагымчылдык кылган. Ал ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылгандарды «ЛГБТ өкүлдөрү» деп атап, «силер салтка каршы чыгып жатасыңар» деп айыптаган.

«Өлгөн кызды пайдаланбагыла, мыйзам чегинде чечилет. ЛГБТ кеткиле!» — деп мегафонго кыйкырган ал.

Митингчилер аны бир ооздон «чагымчыл» деп атап, ал жерден кетүүсүн талап кылышкан. Бирок аял чагымчылдык кылууну токтоткон эмес. 15-апрелде Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг дагы уланган. Арадан жарым саат өткөндөн кийин белгисиз кишилер жана аялдар пайда болуп, чагымчылдык кылып митингди үзгүлтүккө учураткан. Алардын катарында Алыйкулова да бар болгон.

Аталган антимитингге Райымбек Матраимовдун тарапташы, блогер Илимбек Исраилов активдүү катышкан — ал журналисттерге жана активисттерге бир нече жолу чагым уюштурууга аракет жасаган.

Көп өтпөй иликтөөчү журналист Болот Темиров иликтөө жарыялаган. Анда митингди үзгүлтүккө учураткан чагымчылдар жарандык кийимчен милиционерлер тарабынан башкарылганы айтылган.

Kaktus.media басылмасы болсо Марипа Алыйкулова милиционерлер менен тил бириктирген деп божомолдогон. Басылманын маалыматына ылайык, аял митингден эки саат мурда, Пригородный айылында бир нече аял басып алган айыл өкмөттүн имаратынын жанында да байкалган.

Ал имараттын тосмосунун ичинде милиция кызматкерлери менен көптөн бери тааныган адамдай, ээн-эркин сүйлөшүп жүргөнү айтылган.

Митингдер, бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуулар

Соцтармактардан Алыйкулованын буга чейин да бир нече коомдук иш-чараларга, митингдерге жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга катышканын тастыктаган сүрөт-видеолорду жана макалаларды табууга болот.

Мисалы, 2019-жылы, ал ИГИЛге каршы тегерек столго катышкан. Ал эми өткөн жылдын 18-сентябрында ошол кездеги соцөнүгүү министринин милдетин аткарган Каныбек Адиев менен «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин атынан жолугушкан.

Анда Алыйкулова жашоо шарты оор тургундарга бийлик көңүл бурушу керектигин талап кылган.

Мындан сырткары, аялды 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон улам чыккан башаламандыктар учурунда өткөн митингден көрүүгө болот. Анда ал бир нече киши менен кошо келип өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылган. Бирок элдик кошуун аларга тоскоолдук кылган. Мындан улам эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Ал учурда Алыйкулова журналисттерге интервью берип жатып «мен элдик кыймыл түзүүнү каалайм» деген.

«Референдум өтүшү керек. Менин программам бар, мен бир штабды, кабинетти алам», — деп сүйлөгөн ал.

Уу коргошунду жарнамалоо, Ташиевдин сүрөттөрү

Аял жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн биз анын фейсбук аккаунтуна баш бактык. Алыйкулова фейсбукта абдан активдүү. Акыркы убактарда чек арага байланыштуу темаларды байма-бай талкуулап келет.

Ошондой эле бейөкмөт уюмдарга каршы постторду жазат.

Мисалы ал 21-апрелде жарыялаган постунда «Кыргызстанды жок кылуу үчүн батыштан проекттер келет» экен деп жазган. Мындан сырткары элди «ойгонууга» чакырган.

Ал эми мурдараак, «Садыр Жапаров коронавирус илдетинин дарысын таап чыкты» деп медициналык жактан изилденбеген «уу коргошунду» жарнамалаган.

Мындан сырткары Алыйкулова УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушуусунан бир канча сүрөт-видеолорду жарыялаган.


Жолугушууда Ташиев кеткенден кийин Алыйкулова менен чогуу жүргөн аялдардын бири «биз аялдар коомунан келдик» деп, «ооз ачып чай ичүү үчүн» тургундарга 100$ өлчөмүндөгү акча сунуштаган. Бирок тургундар акчаны алышкан эмес. Андан соң аялдар кетип калышкан.


Түз эфирдин 2-саат 6-мүнөтүнөн баштап көрүңүз.