Пригородный айыл өкмөтүн басып алган аялдардын үстүнөн иш козголду

Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу 16-апрелде Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт КЖБРде Кылмыш кодексинин «Турак-жай жана (же) турак-жай эмес имараттарды жана курулуштарды өз билемдик менен ээлеп алуу жана басып алуу» беренеси боюнча катталды.

Милициядан белгилешкендей, 15-апрелде саат 6:48де аймактагы ИИББнин нөөмөт бөлүмүнө бир жаран нааразылык акциясына чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Анда Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына кирип алган бир нече аялдан турган топ протест уюштуруп, өрттөнөбүз деп коркутушкан.

«Болжол менен саат 15:00тө сүйлөшүүлөрдөн кийин аялдар имаратты бошотушту. Тергөө уланууда», — деди ал.

Ошондо, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев аялдар имаратты басып алганы үчүн жоопкерчиликке азырынча тартылбайт, бардык маселелер 17-апрелде министрлер кабинетинин жетекчиси менен жолуккандан кийин чечилет деп айткан.

Эмне болду эле?

15-апрелде болжол менен таңкы саат 6:00да Аламүдүн районунун Пригородное айылынын айыл өкмөтүн аялдардын тобу басып алган. Алардын колунда баллондор, канистра жана бензин бар — аялдар өрттөнөбүз деп коркутушкан.

Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, аялдар айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде бекинип алып, эч кимди киргизбей жатышкан. Аларга тилектеш болуп, имараттын тышында турган аялдар журналисттерге жумушсуздуктун айынан алган насыяларын кутула албай жаткандыктан айыл өкмөтүн басып алууга жана өрттөнөбүз деп коркутууга аргасыз болушканын түшүндүрүшкөн.

«Биз үч күн Ак үйдүн, Өкмөттүн алдында турдук. Эч ким чыккан жок. Кыргыздын бир жигити чыгып, “Энелер, кайсы көйгөй менен келдиңер” деп сурап коюшкан жок. Кээ бирлерибиз үйлөрүнөн ажырап калды, азыр [кредиторлор] үйүбүздөн кубалап жатышат», — деп нааразылык акциясына катышкандардын бири Райхон Мусаева журналисттерге айтып берген.

Ал, айыл өкмөттү басып алган аялдар сыяктуу «Жети дубан» уюмунун өкүлү болуп саналат.

Кийинчерээк айыл өкмөтүнүн имаратына өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Аламүдүн районунун акими жана башка жетекчилер келип, терезе аркылуу баскынчылар менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок баскынчылар алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып, премьер-министрдин келишин талап кылышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМдин жана милиция кызматкерлери келген. Айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынып, ичкериге эч ким киргизилген эмес.

Кийинчерээк нааразы аялдардын бир нечеси премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуп, сүйлөшүп келгенден кийин, баскынчылар имаратты бошотушкан. 

Алар насыяларын убагында төкпөгөнү үчүн үй-жайынан ажыраганына нааразы болуп, өлкөдө кредиттердин үстөк пайыздары өтө жогору экенин айтышкан.

Алар айыл өкмөтүнүн имаратынан чыккандан кийин, Марипов алардын талаптарына байланыштуу бардык компетенттүү органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү убада кылганын журналисттерге айтып беришкен.

«Былтыртан бери нааразычылыктарды билдирип келдик, акыры ушуну кылдык. Сиздерди сарсанаа кылганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Биз өз талаптарыбызды койдук, аткарылат деп ишенебиз. Насыя дегенди жоюшсун, ставкаларды азайтсын, финансылык кул болуп келдик. Насыябызды жокко чыгарышсын. Кредит боюнча бир жылга каникул беришсе жеңил болот эле», — дешти алар Sputnik басылмасына.