Ош шаарындагы «Жасмин» жеке менчик бала бакчасында 5 жашар кыз ур-токмокко алганы боюнча маалымат тарады. Анда эне кызынын колуна бала бакчанын эсепчиси ийне сайып, чачтарын жулуп, денесине залал келтиргендигин жазып, сүрөттөрүн кошо тиркеген. Ош милициясы окуяны териштирип жатат.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде орун алган. Эненин айтымында, саат 16:00 чамасында ага бала бакчадан байланышып, кызы кокустан ийне сайып алганын айтып актанышкан.

«“Кызың түшкү тыныгууда уктоодон баш тарткандыктан биз коркутуу максатында шприц алып келип көрсөтүп жатканбыз. Кыз кокустан секирип жибергендиктен ийне сайылып кетти” дешти. “Эмнеге кызымды зордоп уктатасынар, биз көптөн бери ал убакта тарбиячы берген тапшырманы аткарып отурчу элек го” деген суроомо алгылыктуу жооп ала алган жокмун», — деп жазган эне.

Бул күнү тарбиячы суранып кеткендиктен, балдар бакчанын бухгалтери Динара Тойчубаева менен калышкан. Эне кызына таянып, эсепчиге шприцти бала бакчанын жетекчиси алып келип бергендигин жазган. Бакчага атасы барган учурда жетекчи окуянын кандай болгонун түшүндүрүп бере алган эмес.

«Кызым үйгө келгенден кийин мен абалын көрүп жүрөгүм ооруду. Чачы жулунган, денесинде сыйрылган, канаган жерлери бар, колунда ийненин издери калган [...]», — деп кейиген ал.

«Коркуп, уктоо сааты бүткөнгө чейин көзүмдү жумуп жаттым»

Эне кызынан окуя тууралуу сураганда, ал ыйлап Тойчубаева, бакчанын жетекчиси жана бала багуучу уктабаса ийне сая тургандыгын айтып, керебетке күч колдонуп жаткырышкандыгын баяндап берген.

«“Керебетке жаткыргандан кийин жетекчи менен тарбиячы чыгып кетти, мен Динара эжеке менен калдым. Мен андан тапшырма берүүсүн суранганда "сен өзгөчө белең? Бул жак сенин үйүң эмес” деп кыйкырды. Мен уйкум келбей жатканын айтсам, ал колдорума ийне сайды. Колдорум канаганда жууп келүүгө уруксат сурасам, ансайын ачуусу менен чачтарымдан жула баштады. Андан кийин телефон менен башыма бир нече жолу чапты. Мен коркуп, уктоо сааты бүткөнгө чейин көзүмдү жумуп жаттым” деп айтып берди кызым», — деп жазган эне.

Ошондой эле, апа Динара аттуу кызматкер анын кызын атайын видеобайкоо жок уктоочу бөлмөдө кордошконун айткан. Анын айтымында, Динара менен беттешкен учурда ал орой мамиле кылып, баарын четке кагып «далилдей албайсыңар» деген. Бирок ага окуяга башка балдар күбө болгондуктан, ата-энелери энеге баарын айтып беришкен.

Ошол учурда сабалган кыздын энеси эсепчинин жолдошу келип, компенсация төлөп берүүнү сунуштаганын айтат. Ал эми бакчанын жетекчиси кечирим сураган эмес жана окуя тууралуу түшүндүрмө да беришкен жок дейт апа.

«Жолдошум экөөбүз кызым үчүн окуянын аягына чейин чыгабыз. Бул окуяны баяндагынымдын максаты баланы кордогондор жазасын алышы керек. Алар жоопкерчиликтен качып жатышат, бирок мен мындан ары да күрөшөм», — деп жазган кайрылуусунда эне.

Милиция окуяны «Майда бейбаштык» деп каттады

Ош ШИИБиден аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» беренеси менен катталгандыгын маалымдашты. Бирок аталган берене тергөөнүн жүрүшү менен квалификацияланышы мүмкүн экендигин белгилешти.

Кыздын ата-энеси арызды 6-апрелде жазган. Ошол эле күнү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кыз андан өткөн. Бирок арадан эки жума өтсө да жыйынтыгы чыга элек. Милициядан мунун себебин түшүндүрүп бере алышкан жок.

Кызы кордолгон дагы бир эне

«Клооптун» кабарчысы дал ушул «Жасмин» бала бакчасына эки кызы барып жүргөн Айзирек Жакыпбаева менен маектешти. Жакыпбаеванын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январында анын 4 жаштагы кызы да дал ушундай окуяга кабылган.

Жакыпбаева анын кызы бакчага барган учурда Динара Тойчубаева тарбиячы болуп иштеп жүргөндүгүн айтат. Ал эсепчи болуп кийинчерээк дайындалган дейт.

«Бир күнү эле кызым ыйлап “Бакчага барбайм, Динара эжеке урат” деп ыйлады. Мен бул тууралуу ага айтканымда видеобайкоо бар, кааласаң карап көр деп орой мамиле кылды. Менин кызымдын денесинде көптөгөн сыйрылган, канаган жерлер бар болчу. Бирок видеобайкоолору иштегендигинен күмөнүм бар. Андан кийин кызым ооруп калды, сакайгандан кийин ыйлаганынан алып барбай койдум», — дейт Жакыпбаева.

Бирок Жакыпбаева Тойчубаеванын орой мамиле кылгандыгына жана бакчанын шарттарына арызданып жетекчиликке баргандыгын айтат. Анткен менен бакчанын жетекчилигинен алгылыктуу жооп ала алган эмес. Ал Тойчубаева менен жетекчиликтин жакындыгы бар болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ошондой эле, ал учурунда милицияга арыз жаза албай калгандыгына өкүнөрүн айтат. Буга анын жолдошуна Динара Тойчубаеванын чалышы себеп болгон.

«Жолдошума чалып “Арыздангандан майнап чыкпайт, менин күйөөм күч органдарында иштейт. Силер эч нерсе кыла албайсыңар” дептир. Анан жолдошум да “жөн эле койчу, кыздарды ал бакчадан чыгарып алдык го” деди. Ошол бойдон калып кетти», — деп түшүндүрдү Жакыпбаева.

Ош ШИИБинен «Клоопко» бухгалтер Динара Тойчубаеванын жолдошу милицияда иштеп-иштебесинен кабарлары жоктугун айтышты. Ал эми материал жарык көрөөр алдында «Жасмин» бала бакчасынын жетекчилиги жана Тойчубаеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Осмонова башкы прокурор Курманкул Зулушевден 5 жашар кыздын бала бакчада сабалышы боюнча окуяны көзөмөлгө алуусун суранды. Зулушев бул боюнча ишти прокуратура карап чыгат деп жооп берди.