COVID-19: Коронавирусту жуктурган беш бейтап каза болду, жаңы 380 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 22-апрелде коронавирустун жаңы 380 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 312, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 68.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 246;

Чүй облусунда — 91;

Ош облусунда — 5;

Ысык-Көл облусунда — 15;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Ош шаарында — 14;

Баткен облусунда — 2;

Нарын облусунда — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 93 006га жетти. 

Ал эми акыркы суткада 164 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 94, Чүй облусунда — 44, Ош шаарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — үчтөн, Ош облусунда — жети, Талас облусунда — бир, Ысык-Көл облусунда — тогуз бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 87 554 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 352 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 316 киши оор, 52 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 556 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 829.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт жана Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 566 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 11 медик коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — тогуз, Жалал-Абад жан Ысык-Көл облустарында — бирден медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 380ге жетти, анын ичинен 4 291 медкызматкер илдеттен айыкты.