Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандарга жаза күчөтүлөт — Башкы прокурор

Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоо жазаcы күчөтүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев кылмыш мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйынында билдирди.

Көзөмөл органдын башчысынын айтымында, прокуратура кызматкерлери күнү-түнү жаңы беренелерди жазып чыгышкан. Мунапыс берүү, пробация, медиация жана сот аткаруучулардын макамы тууралуу жумушчу топтор түзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө ар түрдүү мыйзам бузуу жана кылмыштар үчүн жарандарды жоопко тартуу боюнча төрт кодекс иштелип чыкты. Жаңы кодекстерде, биз албетте гумандуулук жөнүндө дагы унуткан жокпуз. Бирок “Ала качуу” беренеси боюнча жоопкерчилик күчөтүлөт. Бул берене гумандаштырууга кирбейт», — деди Курманкул Зулушев.

Учурда аткаруудагы нормалар боюнча, мындай кылмышка баруу үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган. 17 жашка толо элек кишини иш жүзүндө нике мамилелерине зордоо үчүн 200 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Мажбурлап никеге туруу үчүн адам уурдоо үчүн жазаны күчөтүү тууралуу апрель айында, Айзада Канатбекова аны ала качкан адамдын колунан каза тапкандан кийин кайрадан сөз козголгон. Бул окуя коомдо чоң резонанс жараткан — жүздөгөн адамдар ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун отставкага кетишин талап кылган митингге чыгышкан.

Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекова 5-апрель күнү эртең менен уурдалган, кылмыш видеокамераларга түшүп калган — андан унаанын номери жана кызды канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Кыздын үй-бүлөсү уурдагандардын бирин тааныйт экенин билдирген — ал Айзаданы мажбурлап никеге тургузуу үчүн мурда да ала качууга аракет кылган.

Бирок издөө амалдары создуктурулуп, ал эми 7-апрелде машинанын ичинен кыздын жана аны уурдап качкан адамдын сөөгү табылган. Милиция Айзаданы уурдап качкан адам муунтуп өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Бул окуядан кийин жүздөгөн адам митингге чыгып, милициянын аракетсиздигине нааразылар Бишкек ШИИББдин жана ИИМдин башчысын отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Милиция аткаминерлери басма сөз жыйын куруп, анда кызды издөө эмне үчүн кечеңдегенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

8-апрелде Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар делген төрт шектүү кармалган. Прокуратура Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча милициянын иш-аракеттерин иликтенээрин маалымдаган. Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн «Шалаакылык» беренеси боюнча иш катталган.

Ага ылайык, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган. Ал эми 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Мындан тышкары, кылмыш жеринен киши колдуу болгон кыз менен аны уурдап, өз жанын кыйган кишинин сөөктөрү интернетте, телеграм-каналдарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көргөн.

Кийинчерээк, Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы Айзада өлтүрүлгөн жердеги сүрөттүн жайылып кетишине жол берилгени үчүн Аламүдүн райондук ИИБнин бир нече кызматкерине сөгүш жана эскертүү берилгенин кабарлаган.