Айзада өлтүрүлгөн жердеги сүрөттүн жайылып кетишине жол берген милиционерлер жазаланды

Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы Аламүдүн райондук ИИБнин бир нече кызматкерине сөгүш жана эскертүү берилгенин кабарлады.

Буга уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова менен аны уурдап качкан адамдын өлгөндөн кийинки сүрөттөрү соцтүйүндөргө тарап кеткени себеп болгон. Кылмыш болгон жерде тартылган сүрөттөр интернетке тарап, андан соң телеграм-каналдарга, кийин айрым ЖМКларга чыккан.

Мекеменин маалыматы боюнча, Аламүдүн району боюнча ички иштер бөлүмүнүн криминалистикалык коштоо тобунун криминалист-инспектору, милициянын капитаны М.Янванчиновго «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» берилди. Мындай жаза «кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылганы үчүн» берилген.

Ошондой эле, Аламүдүн РИИБнин Жоруктар жөнүндө иштер бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты А.Экеевге, Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын майору К.Самаевге катуу сөгүш жарыяланган. Чүй ОИББнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, алар «кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылганы үчүн» сөгүш алышкан.

Лейтенант жана майор «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү» мыйзамын, ИИБ кызматкеринин профессионалдык этикасы жөнүндө кодексин, ИИМ буйруктарынын талаптарын жана республиканын укук коргоо органдарынын Дисциплинардык уставын бузганы айтылат.

Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекова 5-апрель күнү эртең менен уурдалган, кылмыш видеокамераларга түшүп калган — андан унаанын номери жана кызды канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Кыздын үй-бүлөсү уурдагандардын бирин тааныйт экенин билдирген — ал Айзаданы мажбурлап никеге тургузуу үчүн мурда да ала качууга аракет кылган.

Бирок издөө амалдары создуктурулуп, ал эми 7-апрелде машинанын ичинен кыздын жана аны уурдап качкан адамдын сөөгү табылган. Милиция Айзаданы уурдап качкан адам муунтуп өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Бул окуядан кийин жүздөгөн адам митингге чыгып, милициянын аракетсиздигине нааразылар Бишкек ШИИББдин жана ИИМдин башчысын отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Милиция аткаминерлери басма сөз жыйын куруп, анда кызды издөө эмне үчүн кечеңдегенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

8-апрелде Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар делген төрт шектүү кармалган. Прокуратура Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча милициянын иш-аракеттерин иликтенээрин маалымдаган. Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн «Шалаакылык» беренеси боюнча иш катталган.

Ага ылайык, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган. Алардын арасында Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

Ал эми 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».