GATA түрк фирмасынын кармалган өкүлүнүн апасы Жапаровго кайрылды

GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK A.Ş. (GATA) түрк компаниясынын камакка алынган директору Ксения Барабаш-Хашамдын апасы Валентина Барабаш президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жазды.

Ал президенттен кызынын ишине кийлигишип, мыйзамдуулукту камсыздоону суранган. Ошондой эле, Ксениянын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн билдирген. Ушул тапта Ксения Барабаш-Хашам ТИЗО-1де камакта.

Ал Ксения Барабаш-Хашам буга чейин да суракка өз убагында барып, мындан ары дагы мыйзамдын бардык талаптарын аткарарын эскерткен. Ошондой эле, Барабаш-Хашамдын эки кичинекей баласы бар болгондуктан, качып же тергөөдөн жашырынуу ниети жок.

«Аялды үй-бүлөсү менен жолугушуу укугунан ажыратып камакта кармоо, ал бийликтин буйруктарына толугу менен баш ийгенине карабастан, маалымат алуу максаты менен ага жүйөсүз кысым кылуу абийирсиздик болуп саналат. Сиз өзүңүз бийликтин адилетсиздигинен кордук көргөн адамсыз. Сиз мамлекеттик машина ылгабастан баарын тебелеп-тепсеп кете аларын эң жакшы түшүнөсүз. Христиандар үчүн да, мусулмандар үчүн да ушул ыйык мезгилде кызымдын абалына түшүнүү менен мамиле кылууңузду өтүнүп, сизге кайрылып жатам», — деп анын кайрылуусунда айтылат.

Ал президент кийлигишмейинче, сот адилеттүүлүгү болбосун, бул жагдайда бир гана өлкө башчысы көмөк көрсөтө аларын кошумчалаган.

«Ксения бардык сурактарга барып жүргөн, паспортун өзгөрткөн эмес, ушул жерде эки баласын тарбиялап, мени багып жатат. Эгерде тергөө мыйзамдуу жүрүп жатса, үй камагына чыгарып деле тергөөнү уланта берсе болот», — деп суранган Валентина Барабаш.

Буга чейин GATA кызматкерлери 23-апрель күнү өкүлчүлүктүн кеңсесинен, юристтердин катышуусу жок, эч кандай документтерди көрсөтпөстөн компьютерлерди, маалымат сактагычтарды, кызматтык унаанын документтерин, ошондой эле компаниянын «Манас» аэропортунда жайгашкан башка кеңсесинин ачкычын алып кетишкенин кабарлашкан.

Алардын маалыматында, кеңсеге жарандык кийимчен, укук коргоо органдарынын эки кызматкери келген. Алар Ксения Барабаш-Хашамды ТИЗОдон алып чыгып, кеңсеге ээрчитип келишкен.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери компаниянын мүлкүн алып кетүү үчүн эч кандай документтерди көрсөтүшкөн эмес. Бирок мүлктөр өз ыктыяры менен берилди деген документке кол коюуну талап кылышкан.

«Ксениянын маанайы пас болуп, компаниянын кызматкерлерине кеңседеги эмеректин баарын чогултуп, штаттык кийимчендер айткан жакка алып барып берүүнү өтүндү. “Бир жумадан кийин кызматкерлердин бири телефон чалып, буюмдар жеткириле турган даректи айтат. Ошондой эле кызматкерлерден мамлекеттин пайдасына өз эмгек акысынан баш тартууну өтүнөм. Бул кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу — ушундай”», — деп, компаниянын кызматкерлери директордун сөзүнөн цитата келтиришти.

Андан соң Ксения Барабаш-Хашамды кайрадан ТИЗОго алып кетишкен.

«Менимче, ага кысым көрсөтүп жатышат, ошондуктан ошол сөздөрдү айтууга аргасыз болгондой. Анткени компания эч кандай мыйзам бузган эмес жана айып тага турган жагдай жок», — деп кошумчалашкан GATA кызматкерлери.

Ксения Барабаштын иши

22-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук соту GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK A.Ş. (GATA) түрк компаниясынын филиалынын директору Ксения Барабаш-Хашамды бир айга Бишкек шаарынын ТИЗО-1не киргизүү өкүмүн чыгарган.Барабаш-Хашам «Манас» аэропортунда түрк компаниясына мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү иши боюнча 20-апрелде кармалган.

Түрк элчилиги бул иш боюнча шектүүнү камакка албай туруп иликтөөнүн жүргүзүлүшүндө көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргызстандын ТИМине кайрылуу жолдогон. Кайрылууда Ксения Барабаш-Хашамдын ден соолугу начар экени, ошондой эле кичине балдары бар болгондуктан, качып кетүү тобокелчилиги жок экени белгиленген.

GATA компаниясынын өзүндө билдиришкендей, мурдараак ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү түрк компаниясынын президентине бул иш боюнча кармалгандар күнөөнү мойнуна алып, чыгымды төлөп берүүгө даяр деп маалымдаган. Ал Барабашты камайм, «андай болсо, ал басым алдында каалагандай көрсөтмө жазып берет» деп коркуткан.

Буга чейин Барабаш ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана Транспорт прокуратурасы тарабынан бир нече жолу суракка чакырылган.

Компаниядан тергөөчүлөр шектүүгө кысым көрсөтүп, «Манас» аэропорту тарабынан түрк компаниясына жеңилдик берилгенде 12,1 млн доллар зыян келтирилген деп айтып жатышканын белгилешкен. Тергөө GATA күнөөнү мойнуна алып, чыгымды төлөп беришин каалаган.

Тема боюнча кошумча материалды караңыз:

Түрк фирмасынын филиалынын мүдүрү бир айга ТИЗОго камалды. Эмне болуп жатат?