Кеминде атасынын келишин күткөн 4 жашар наристе поезддин астында калды

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында 4 жашар бала поезддин астытнда калып, окуя болгон жерде чарчап калды. Бул тууралуу 27-апрелде «Кыргыз темир жолу» мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык «Быстровка» — «Жил-Арык» станцияларынын ортосундагы темир жолдо орун алган. Поезд кароосуз жүргөн наристени саат 18:20да коюп кеткен.

«АС1 [үлгүсүндөгү поезд] “Жил-Арык” станциядан “Быстровка” станциясына жүрүп жатып, жаш баланы коюп алган. Бала берилген сигналдарга эч кандай реакция жасаган эмес. Кыска аралыктан улам, кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон эмес», — деп билдиришти «Кыргыз темир жолунан».

Ошондой эле, мекеме тургундарга жана айдоочуларга кайрылып, темир жолдон өтүүдө коопсуздук эрежелерди сактоого чакырды.

Айыл тургундары «Турмуш» басылмасына жаш бала ишке кеткен атасын издеп, темир жолго чыгып күтүп отурган убакта кырсыкка кабылган деп билдиришти.

«Атасы жумуштап бир жакка кеткен экен. Бала атасын издеп, темир жолго чыгыптыр. Машинисттин көзүнө күн тийип, баланы байкабай калыптыр. Жол четинде отурган экен. Кеч байкап калыптыр. Ооруканага экспертизага алып барышкан. Ал жактан жүлүнү үзүлүп кеткени белгилүү болгон», — деп түшүндүргөн тургундардын бири.

Жергиликтүүлөр чарчап калган бала темир жолдун жанында жашаганын кошумчалашкан.

2017-жылдын декабрь айында Бишкекте эркек киши поезддин астында калып каза тапкан. Алдын ала маалыматар боюнча ал мындай ыкма менен өз жанын кыйган.